Бишкек мэриясы митингчилердин агрессивдүү жүрүш-туруштарынын тобокелдигин алдын алуу боюнча шаардыктардын эскертүүлөрүн дагы, ошондой эле жарандардын тынчтык жыйындарды өткөрүүгө болгон укуктарын да эске алышы керек — бул тууралуу 31-мартта президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
«Ала-Тоо» аянтында жана парламент менен өкмөт үйүнүн имараттарынын жанында митинг өткөрүүгө бир айга чектөө 31-март күнү, оппозициянын ири масштабдагы курултай өткөрө тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин киргизилген.
Өлкө башчысы бул чектөө киргизүүлөр тууралуу ошол эле күнү өз пикирин билдирди.
Атамбаев АКИпресс агенттигине өзүнүн басма сөз катчысы аркылуу митингдерге чектөө киргизген Биринчи май райондук сотунун чечимин «түшүнүктүү жана көпчүлүк бишкектиктердин пикирин көрсөтүп турат» деп эсептей тургандыгын билдирген.
Бирок ошондой эле президент шаар бийлигин жарандардын тынчтык жыйындарга чогулууга болгон укуктарын да сыйлоого чакырган.
«Митингчилердин агрессивдүү жүрүшү, Бишкек шаарынын борборундагы транспорт кыймылы менен антисанитариянын бузулушу боюнча мыйзамдуу талап сыяктуу эле жарандардын тынчтык чогулушту өткөрүү укуктарын да эске алуу керек», — деп жазган АКИпресс президенттин басма сөз катчысынын айткандарын.
Мыйзамсыз тыюу
«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы менен адам укуктары боюнча «Кылым Шамы» борборунун укук коргоочулары бул тыюу салууну мыйзамсыз деп атап, анын Конституциядагы «Тынчтык жыйындар жөнүндөгү» мыйзамга каршы келе тургандыгын билдиришти.
«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы тарабынан мындай чечимдин кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жыйындар жөнүндөгү» мыйзамын бузат. Мындай чечимдин сот тарабынан мыйзамдуу деп табылышы анын тажрыйбасыздыгын көрсөтүүдө», — деп жазган «Кылым Шамы» өз пресс-релизинде.
Укук коргоо уюмдары Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылууга даярданып жатышат.
Ошондой эле алар көзөмөл органдарын жергиликтүү бийликтин акцияларды өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу кабыл алган чечимин иликтөөгө чакырышты. Биринчи май райондук администрациясы чектөөлөрдүн киргизилишин 7-апрелге белгиленген 2010-жылдагы революциянын төрт жылдыгын белгилөөгө байланышкан иш-чараларга даярдануу жана «жарандардын көптөгөн кайрылуулары» менен түшүндүргөн болчу.
Бийлик акцияларды өткөрүүгө каршы мындай чектөөлөрдү киргизүүнү мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында колдонуп келген — анда укук коргоочулар чектөөлөр Конституция менен жарандардын тынчтык жыйындарга чогулууга болгон укуктарына каршы келээрин айтып чыгышкан.
Бийликтин чочулоосу
Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын билдирүүсүнө ылайык, массалык акцияларды өткөрүүгө карата чектөөлөрдүн киргизилиши «курултайдын жүрүшүндө адамдардын көптүгүнөн Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен 2012-жылдын октябрында өткөн митингдей болуп кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн» деген кооптонууларга байланыштуу.
Ошондой эле Биринчи май райадминистрациясы өзүнүн пресс-релизи аркылуу оппозициянын митинги 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын төрт жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чараларга тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн билдирген.
Буга чейин администрация башчысы Аскербек Алиев Kloop.kgге берген маегинде «бир эле жерде ар кандай талаптар менен бир нече митинг өткөрүүгө болбой тургандыгын» билдирген болчу.
Анын айтымында, марттын акыркы күнү акция өткөрүүгө 31 уюм билдирме жөнөткөн.
«Ташиевдин [экс-депутат Камчыбек] тарапташтары 2012-жылдын октябрында «Ала-Тоо» аянтында акция өткөрүшкөн. Алар дагы мыйзамга каршы эч кандай аракеттер болбойт деп айтышкан. Бирок кээ бирде көп сандаган адамдар көзөмөлдөн чыгып кетишет. 3-октябрдагы митинг эмне менен аяктагандыгын баарыбыз билебиз», — деди Алиев ал акциянын бир нече катышуучуларынын Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү аракетин эскерип.
Администрация башчысы митингдер унаа тыгындарын пайда кылып, шаар тургундары менен борбордун конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратпашы керек деп эсептейт.
«Бардыгыбыз тең мыйзамды сакташыбыз керек. Эгер митингдер болсо алар парламенттин темир тосмосунан ашып өткөндөй эмес, цивилизациялуу жол менен өткөрүлүшү керек», — деди ал.
Оппозициянын курултайы
30-март күнү оппозициянын курултайын уюштуруучулардын бири, экс-депутат Садыр Жапаров Бишкек милициясынын митинг тууралуу өз убагында билдирүү берилбегендиги боюнча эскертүүсүнөн улам акциянын белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын билдирген.
Жапаров өлкөнүн Конституциясына ылайык, жарандар тынчтык акциялары тууралуу алдын ала бийликке билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эмес деп эсептейт. Ошентсе да митингди өткөрбөй туруу чечимине келген.
Ал курултайдын качан өтөөрүү тууралуу 10-апрелге чейин кабарлана тургандыгын айтып, убада берген.
«Ата-Журт» партиясынын мурунку депутаттары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, ошондой эле парламенттин партиясыз эркин депутаты Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция курултайда парламенттик башкаруу системасынан президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүүнү талап кылганы жатышат.
Андан сырткары демонстранттар «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди козгошот.
Бул оппозициянын алгач 17-мартка белгиленген курултайынын экинчи жолу жылдырылышы. 17-мартта өтүшү керек болгон курултай «провокацияларга жол бербөө максатында» 31-мартка жылдырылган болчу.