«Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам» Кыргызстандагы ири интернет-дүкөндөрдүн бири иштебей эле

Кыргызстандагы ири интернет-дүкөндөрдүн бири болуп эсептелген «Светофор» эртеден бери иштебей эле. Компаниянын өзүнөн сайттын иштебей калышына «техникалык мүчүлүштүктөр» себеп болгонун айтып жатышат.

Сайттын ишиндеги мүчүлүштүктөр 1-апрель күнү эртең менен башталган — макала жарыяланаардын алдында, саат 17:30га карата портал дагы деле жеткиликсиз бойдон калууда, анын башкы баракчасына кирүү аракетин көргөндө — «Oops! An error occurred» деген жазуу пайда болууда.

Интернет-дүкөндүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси веб-сайт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей жаткандыгын билдирди.

«Светофордун» кызматкеринин айтымында, сайттын ишиндеги көйгөйлөр буйрутмалардын саны менен товарларды сатууга «бир аз гана» таасирин тийгизди.

«Светофор» — өз ишмердүүлүгүн 2004-жылы баштаган. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы интернет-дүкөн болуп саналат.

Интернет-дүкөндүн «Фэйсбуктагы» баракчасындагы жазылуучуларынын саны 22 миңден ашып, Кыргызстандагы эң популярдуу баракчалардын бири болуп эсептелет.

Автор: Майрам Абакирова