Видео: Супермаркеттердин күзөт кызматындагылар рюкзакчан кардарларга кандай мамиле кылышат?

Kloop.kgнин журналисттери Бишкектин супермаркеттери чоң рюкзактар менен кирген кардарларына канчалык деңгээлде катуу талап коё тургандыктарын текшеришти.

Талапты эң катуу койгон күзөт кызматы «Бета Сторес» жана «Столичный» супермаркеттериники болуп чыкты.

«Бета Сторестин» күзөт кызматындагылар Kloop.kgнин кабарчысынын рюкзагында эмнелер бар экендигин эки жолу текшеришти — алгач ал жаңы киргенде жана экинчи жолу супермаркеттен чыгып бара жатканда.

«Столичныйдын» күзөт кызматындагылар журналисттен рюкзакты кире бериштеги кутуга калтырып кетүүсүн өтүнүштү, бирок ал анда баалуу буюмдардын бар экендигин айткан соң өзү менен кошо алып кирүүгө уруксат беришти.

«Народный» жана «Семь дней» супермаркеттеринин күзөт кызматындагылар журналист асынып жүргөн рюкзакка эч кандай көңүл бурушкан жок.

Kloop.kgге берген маегинде юрист Фатима Якупбаева түшүндүргөндөй, жарандык укуктун нормаларына ылайык, супермаркеттердин күзөт кызматындагылардын кардарлардын өзү менен кошо жеке буюмдарын алып кирүүсүнө тыюу салууга укуктары жок.

Анын айтымында, жеке буюмдарды кире бериштеги кутуларга калтыруу өтүнүчү сунуштоо мүнөзүнө гана ээ болушу мүмкүн.

А эгер күзөт кызматы кардарды жеке буюмдарын кире бериштеги кутуга калтырып кетүүгө мажбур кылса, анда анын буюмдары үчүн дүкөндүн администрациясы толугу менен жооп бериши керек.

«Алардын бир нерсе сунуштоого гана укуктары бар. Алсак, эгер сиздин шампунь сатып алгыңыз келсе сумкаңызды айткан жеринде калтыра бериңиз. Ал эми бирөөнүн сумкасын жулуп алып кутуга салууга албетте алардын укуктары жок. Анткени ал силердин жеке менчигиңер да, аны кандай кааласаңыз ошондой пайдаланасыз», — деп түшүндүрдү юрист.

Сиздин оюңузча, супермаркеттерге рюкзак же чоң сумкалар менен кирүүнүн эрежелери кандай болушу керек? Сиздин тажрыйбаңызда ушундай учурлар болду беле? Күзөт кызматындагылардын сиздин сумкаңызды тинтүүгө укуктары барбы? Ушуга окшогон окуяларыңыз же өз пикириңиз болсо макалынын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазыңыз.

Автор:  Нурмухаммед Атамбаев