Премьерликке талапкер Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берди

Парламенттеги көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамы боюнча талкуусун баштады. Депутаттардын алдында премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев суроолорго жооп берип жатат.  

13:19 Жыйын аяктады. Кийинки жыйындын күн тартиби:

  1. Жоомарт Оторбаев депутаттарга сунуштаган программаны карап чыгып, жактыруу/жактырбоо;
  2. Келечектеги өкмөттүн курамы бир аз тагыраак аныкталгандан кийин ага добуш берүү.

13:03 Депутаттардын көңүлү бир канча убакытка социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп калуу ыктымалдыгы бар (ошондой эл Кыргызстандын тарыхында эң жаш вице-премьер болуп калышы мүмкүн – ал болгону 38 жашта) Эльвира Сариевага бурушту. Учурда ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Депутат Эльвира Жумалиева Сариевадан анын мамлекеттик структуралардагы иш тажрыйбасы тууралуу сурады.

«Чынын айтканда, мен мамлекеттик структураларда иштеген эмесмин, бирок бюрократияны үйрөнүп алуу оңой эле, ал эми ишти жаңыдан үйрөнүп баштоо — чындыгында  эле оор», — деп жооп берди Сариева.

Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөттө жаштардын пайда болушун кубаттады.

«Жаңы идеялуу жаш өкмөттү колдойм. Мен Эльвира Сариеванын мамлекеттик кызматтарда иштөө тажрыйбасы жок болсо аны колдойм, биз — айым депутаттар — жардам беребиз», — деди Алтыбаева.

12:58 Депутат Эльвира Иманкожоева өкмөт чек ара маселелерине көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Биз программабызда чек ара маселелерине өзүнчө бир бөлүмдү арнадык», — деп жооп берди Оторбаев.

12:40 Оторбаевдин убадаларын эстеп калабыз:

«Мен буга чейин айткам, өкмөттө иштей турган ар бир адамга талаптар коюлат. Биринчиси – ал адам адис болушу керек, а экинчиси — ал таза иштеши керек».

12:33 Оторбаев депутаттарга: «Мен бул жакка программа менен өкмөттүн курамын колдоп берүүңүздөр үчүн келдим. Мен бул курам менен иштеше алам, аларды билем, сыйлайм. Бирок кандай болоорун практика көрсөтөт. Бул жерде башкаруучулук сапаттарын көрсөткөн тажрыйбалуу адамдар отурушат. Команда катары биз жаман эмес ийгиликтерге жетишебиз».

12:32 Акырындар министрлер кабинетиндеги калган орундарга талапкерлердин ысымдары белгилүү боло баштады. Коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов экономика маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка коалиция экс-депутат, Кыргызстандагы немис коомчулугунун лидери Валерий Дилди сунуштап жаткандыгын билдирди.

«Анын макроэкономика тармагы боюнча түшүнүгү кенен. Буга чейин ал премьер-министрдин кеңешчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Учурда ал кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча дирекцияны башкарып турат, бирок ал жактан айлык албайт. Орусия, Казакстан жана батыш өлкөлөрү менен ишкердик байланыштары бар», — деди бүгүн Кулов «АКИпресске» берген маегинде.

12:22 Депутат Дастан Бекешев өкмөт биринчи кезекте билим берүү тармагына көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Билим берүү тармагына басым кылуу керек. Мен түшүнүп атам, эгер эл билимсиз болсо аны башкаруу оңой. Бирок андай эл эч качан бактылуу болбойт. Анан силердин суперпрофессионалдарды алып келүүңөргө мүмкүнчүлүк беришпейт, баары тең менин байкем, эжем деп калышат», — деди Бекешев.

Оторбаев бул пикир менен макул болуп, Кыргызстандын 2009-жылы мектептеги билим берүүнүн сапаты боюнча PISA рейтингинде акыркы орун алгындыгына өкүүчүн билдирди.

12:20 Кызыктуу учур. «Ата Мекен» Сатыбалдиев Кыргызстанга үлүштөрдүн болгону 50 пайызын калтырып, «Кумтөр» алтын кени боюнча «пайдасыз» келишим түзгөн деген дооматын айткан болчу.

Эми бүгүн «Ата Мекендин» кишиси Жоомарт Оторбаев депутаттарга төмөндөгүдөй деди:

«Алгач Кумтөрдүн айланасындагы көйгөйлөрдүн бардыгын чечүүбүз зарыл, андан кийин гана инвесторлордун баары келип бизден кендерди сатып алышат».

Биз кабарчылар менен бир нече жолу тактап, кайталап угуп көрдүк — ооба, ал «бизден кендерди сатып алышат» деп айтты.

12:16 Оторбаев Кыргызстанда 30 миңге чукул бала мектепке барбай тургандыгын укканда өтө таң калгандыгын айтты.

12:08 Депутат Исмаил Исаков өзгөчө айыл-чарбасына көңүл буруусун сунуштады. Анын пикиринде, быйыл айыл-чарба тармагы өкмөт үчүн алдынкы орунда болушу керек.

Оторбаев өзгөчө көңүл айыл-чарба тармагындагы кайра иштетүү ишканаларына бурулаарын айтып жооп берди. Талапкер андай ишканалар салык төлөөдөн бошотула тургандыктарын билдирди.

«Жарандарыбыздын 65 пайызы айылдарда жашашат, ошондуктан биз аларга жардам беребиз», — деди ал.

12:00 Депутат Алла Измалкова Оторбаевге Кыргызстанда иштеп жаткан кытай компаниялары менен болгон кызматташуулардын деңгээлин төмөндөтүүнү сунуштады.

«Анткени биз кытай ишканалары өзүлөрү менен бирге өз кишилерин алып келип жаткандыгын көрүп жатабыз. Тактап айтканда, биздин жарандар үчүн жумушчу орундар түзүлбөй эле», — деди ал.

Оторбаев Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү керектиги айтып, мамлекет дагы деле салыктар менен тартипке салууга үйрөнө элек кызмат көрсөтүү тармактары бар экендигин кошумчалады.

«Расмий маалыматтар боюнча, азыркы учурда кызмат көрсөтүү тармагы ички дүң өндүрүмүнүн көлөмүнүн 50 пайызын түзөт. Биз кызмат көрсөтүү тармагын салыктар менен тарипке келтиргенди билбейбиз. Биз буга үйрөнүшүбүз керек», — деп жооп берди ал.

11:55 «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Анарбек Калматов менен Жоомарт Оторбаевдин ортосунда талашып- тартышуу орун алды.

Калматов Оторбаевдин вице-премьер болуп тургандагы ишине нааразы экендигин айтты. Депуттын пикиринде, Оторбаеы вице-премьер болуп турганда «эч нерсе кылган эмес».

Андан сырткары Калматов Оторбаев тааныштырган өкмөттүн программасын сынга алды — депутаттын айтымында, анда өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлө тургандыгы боюнча эч нерсе айтылган эмес.

11:51 Депутаттар суроолорун берип, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Эрежеге ылайык, үч депутат катары менен суроо беришет да, Оторбаеа алардын бардыгына жооп берүүгө аракет кылат.

Оторбаевге кыргыз тилинде сүйлөө кеңешин берип депутат Турсунбай Бакир уулу өзгөчөлөндү.

«Менин каалоом — эне тилиңизди үйрөнүңүз да котормочуларсыз сүйлөшүңүз», — деди ал.

Эми Оторбаев кыргыз тилинде өтө жай жооп берип жатат.

11:44 Оторбаев парламентке «чыныгы демократиялык нормаларды киргизүүнү» убадалады. Азырынча анын конкреттүү түрдө эмне жөнүндө айтып жаткандыгы түшүнүксүз.

11:30 Оторбаев «Кумтөр» алтын кенине Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы теңме-тең ээлик кылуулары керек деп эсептейт. Экс-премьер Сатыбалдиев дагы ушундай эле позицияны карманган. Өз кезегинде анын бул маселе боюнча канадалыктар менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы «Ата Мекен» тарабынан айтылган нааразычылыктардын бири болгон.

11:28 Коалиция жыйынын 25 мүнөттүк кечигүү менен баштады.

Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев чыгып эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр

11:23 Азырынча депутаттар коалициянын жыйынына кечигип жатышат.

Жаңы коалициянын курамы буга чейинки коалициядан эч айырмаланбайт — анын курамына кайрадан эле КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары киришти. Ал эми «Республика» менен «Ата-Журт» оппозицияда калышты.

Эмне өзгөрдү? Коалиция буга чейинки премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү үчүн гана тарап, кайрадан бирикти. Мурунку өкмөт башчысынын ишине «Ата Мекен» фракциясы нааразы болуп, коалициянын курамынан чыккан болчу.

Бул Сатыбалдиевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьерлик кызматты ээлеп турган өз кишиси, Жоомарт Оторбаевди премьерликке алып келүү үчүн жасаган «Ата Мекендин» тактикалык жүрүшү сыяктанат.

Жүрүш өз максатына жетти десек болот, Оторбаевдин талапкерлигин «атамекенчилер» гана эмес, көпчүлүк коалициядагы эң чоң фракция болуп эсептелген КСДП дагы колдоду. Мындан улам премьер-министрлик кызматка байланышкан маселе дээрлик чечилди десек болот.

Анткен менен азырынча вице-премьерлер менен министрлердин курамы ачык белгилүү эмес. Аны менен катар КСДП фракциясынын ичинде өз ара пикир келишпестиктер болуп өткөрдүгү да белгилүү болду. Анда биринчи вице-премьерлик оорунга талапкерлерди тандоо маалында чыккан талаш-тартыштардан улам мушташ чыгып кете жаздагандыгы да айтылууда.

10:59 «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» деген аталыштагы жаңы коалициялык көпчүлүктун жыйыны 11:00гө белгиленген. КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын депутаттары жаңы өкмөттүн курамын талкуулап башташы керек.

Тема боюнча жаңылыктар:

Авторлор: Бектур ИскендерНуржамал Жаныбекова жана Айзирек Алмазбекова