«Билайн» уюлдук оператору терминалдар аркылуу баланс толтурууда алынуучу комиссиялык төлөмдөрдүн жогорулашына тиешеси жоктугун айтып, ынандырууга аракет кылууда. Терминалдардын ээлери бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.
1-апрелден тарта «Билайндын» абоненттери үчүн терминалдар аркылуу баланстарын толтурууда алынчу комиссиялык төлөм 5 сомдон 8 сомго чейин кымбаттаган. Өз кезегинде бул уюлдук оператордун абоненттеринин нааразычылыгын жаратууда.
Социалдык түйүндөр аркылуу берилген көптөгөн суроолорго жооп катары «Билайн» комиссиялык төлөмдөрдүн баасын компания эмес, терминалдардын ээлеринен турган «агенттер» белгилей тургандыктарын билдирди.
«Балансты толтуруу» кызматтарынын бааларын агенттер белгилейт, ошондуктан бул суроолорду ошолордун дарегине жолдоо керек», — деп жооп беришти Kloop.kgнин кабарчысына «Билайндын» «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы» аркылуу.
Ошол эле маалда Кыргызстандын башка ири операторлорунун — «О!» менен «Мегакомдун» — баланстарын толтуруу үчүн алынуучу комиссиялык төлөм мурункудай эле 5 сом боюнча калган.
Жеке терминалдар системасы
Комиссиялык төлөмдөрдүн жогорулашына нааразы болгон бир катар абоненттер «Билайндын» кызматтарынан баш тартууга да даяр экендиктерин билдирип жатышат.
«[Билайн] жөнөкөй эле суроого жооп бере албайт. [...] Жооп бере албасаңар кеткиле. Мен ансыз деле кечээ Билайндын симкасын таштандыга ыргыткам», — деп жазган өз пикирин Бишкектин жашоочусу Рашана Кубанычбекова «Билайндын» баракчасына.
Уюлдук оператор Бишкектин бир катар банктарында, ошондой эле почта бөлүмдөрүндө абоненттер баланстарын эч кандай комиссиялык төлөмдөрсүз эле толтура алышаарын билдирди.
Андан сырткары «Билайн» жеке терминалдар системасын да өнүктүрүүнү пландап жаткандыгын кошумчалады.
«Биз жеке терминалдар системабызды жайылтууну пландап, өнүктүрүп жатабыз. Алар аркылуу балансты эч кандай төлөмдөр жок эле бекер толтуруп алууга болот», — деп жазышты компаниянын эккаунтунан.
Терминал ээлери үн катпайт
Ал ортодо төлөм төлөө терминалдарынын ээлери бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.
Quickpay компаниясынан жумушчуларынын жоктугун билдиришип, маектешүүдөн баш тартышты.
Алгач Qiwi терминалдарынын ээлери интервьюну кийинкиге жылдырып, бир аздан кийин чалуубузду өтүнүшкөн. Бирок Kloop.kgнин кабарчыларынын андан кийинки чалууларына таптакыр жооп бербей коюшту.
Авторлор: Айзирек Алмазбекова жана Бектур Искендер