Талас облусунун Бакай-Ата районундагы митингчилер менен кагылышуудан кийин беш милиция кызматкери жаракат алышты. Алтын кенине каршы чыгып жатышкан демонстранттар милиция унаасын талкалап, Талас-Тараз унаа жолун тосуп алышты.
Митингдин катышуучулары нааразычылык акциясын 3-апрель күнү эртең менен Бакай-Ата райадминистрациясынын имаратынын алдында башташкан — алардын негизги талабы «Шыралжын» алтын кенин жабуу.
Бакай-Ата районунун фамилиясын билдирбеген жашоочусу Жаныбек Kloop.kgге берген маегинде алтын кенинин иштешинен улам «дене-бою кемтик» малдар туулуп», фермерлерде көйгөйлөр пайда боло баштагандыгын билдирди.
Райадминистрациядан керектүү жооп ала албаган митигтин катышуучулары Бакай-Ата айылынын түндүк бөлүгү аркылуу өткөн Талас-Тараз унаа жолун тосууга жөнөшкөн.
Жергиликтүү журналисттин айтымында, ушул тапта жолду тоскондордун саны 1000ге чамалап калды.
Милиция митингдин катышуучуларын күч менен кууп таратып баштаган, бирок алардын бул аракети кагылышууларга алып келип, анын жүрүшүндө укук коргоо органынын беш кызматкери жаракат алышты.
Талас облустук ИИБсинин өкүлү «АКИпресс» маалымат агенттигине , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында митингчилер таштарды ыргытышып, аларды атайын каражаттарды колдонууга мажбур кылышкандыгын билдирген.
Журналист билдиргендей, милиционерлер митингчилерди кууп таратууда асманга ок атышып, атайын каражаттарды колдонушкан, бирок бул аракеттер демонстранттардын «укук коргоо органдарын кубалап жиберүүсүнө» тоскоолдук жарата алган эмес.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков митингдин катышуучулары менен сүйлөшүүгө баргандыгы кабарланып жаткан болчу, бирок «АКИпресс» агенттигинин жол тосулуп турган жерде жүргөн кабарчысы Азамат Асейин уулу митинчилерге эч кимдин келбегендигин айтууда.
Талас-Тараз унаа жолу дагы деле жабык бойдон калууда, учурда ал жакта 500гө чукул адам бар.
Автор: Эмилия Шермамат кызы жaна Бектур Искендер