Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Шыралжын» кенинин ишин токтотуу талабы аткарылгандан кийин Боо-Терек айылынын жашоочуларынан турган митингдин катышуучулары Талас-Тараз унаа жолун ачышты.
Бийликтегилер Бакай-Ата районундагы кырдаал турукташканга чейин «Шыралжын» кенинин ишин токтотту. Бул тууралуу Талас обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мужамеджан Суранчиев билдирди.
«Мамгеологиянын алдындагы комиссиясы алтын кениндеги иштерди убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, митингдин катышуучулары жолду өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева менен өкмөттөн барышкан чиновниктер кендин ишинин токтотулгандыгы жөнүндө билдиришкенден кийин ачышкан.
«Жолугушуу тынч аяктады. Жол ачылды. [...] Алар [чиновниктер] «Шарылжын» алтын кени иликтенип чыкканга чейин кен азырынча иштетилбей тургандыгын айтышты», — деди ал.
Суранчиевдин айтымында, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы лицензиялоо жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча түзүлгөн комиссия кендеги чалгындоо иштери жергиликтүү жашоочулар билдирип жаткандай зыян алып келээр-келбесин иликтеп чыгышат.
Жол бир суткага жакын жабык болду
Талас облусундагы маанилүү жолдордун бири болгон Талас-Тараз унаа жолу боо-Терек айылынын жашоочуларынан турган демонстранттар тарабынан 3-апрелден тарта дээрлик бир сутка бою тосулуп турду.
Митингдин катышуучулары «Шарылжын» алтын кенинин ишинин токтотулушун талап кылышкан. Айылдын жашоочуларынын бири билдиргендей, кендин иштешинен улам айылда «дене-бою кемтик» малдар туулуп» жатат.
4-апрелге караган түнү демонстранттар сүйлөшүү үчүн барган өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Рыскелди Ботиков менен Бакай-Ата районунун акими Урмат Тынысовду барымтага алып алгандыктарын кабарланган болчу.
Бирок Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев барымтага алуу жөнүндөгү ал маалыматты четке какты — анын айтымында, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барган чиновниктер аларды барымтага албагандыктарын өзүлөрү билдиришкен.
Акциянын катышуучуларынын өзүлөрү да эч кимди барымтага албагандыктарын билдиришкен — митингдин катышуучусу Раис Темиралиевдин версиясы боюнча, эки чиновник тең «эл тарапка өткөн».
«Азаттык» радиосунун кабарчысы тарткан видео:
Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев Боо-Теректеги митингдин катышуучулары менен милициянын ортосундагы кагылышуунун чыгышына кендин иши боюнча жергиликтүү калк менен макулдашпаган өкмөт күнөөлүү деп эсептейт.
Анын айтымында, бийлик менен жашоочулардын ортосундагы пикир келишпестиктер ар дайым митингдер менен мыйзамсыз аракеттерге алып келет.
«Мындай макулдашуулар ошол кен байлыктары жайгашкан калктуу пункттардын калкы менен, эң оболу белгилүү бир социалдык милдеттенмелерди аткаруу жагынан да милдеттүү түрдө макулдашылуусу керек», — деп билдирди анын басма сөз кызматы.
Кууп таратуу аракети жана асманга ок чыгаруу
Милиция акциянын катышуучулары унаа жолун жаңы гана жабышканда 3-апрель күнү күндүз эле кууп таратууга аракет кылган. Жергиликтүү журналисттин баамында, анда митингчилердин саны миңге жакын болчу, бирок бул маалыматты башка булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.
Милициянын акциянын катышуучуларын таратууга болгон аракети катуу кагылышууларга алып келип, анын жүрүшүндө митингчилер тарабынан ыргытылган таштардан улам укук коргоо органдарынын 19 кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан.
Жергиликтүү журналист билдиргендей, милиционерлер митингчилерди кууп таратууда асманга ок атышып, атайын каражаттарды колдонушкан, бирок бул аракеттер демонстранттардын «укук коргоо органдарын кубалап жиберүүсүнө» жана милициянын унаасын өрттөшүнө тоскоолдук кыла алган эмес.
ИИМдин өкүлү укук коргоо органдары митингдин катышуучуларына карата кандай чараларды көрө тургандыктарын азырынча так айта алган жок. Анын айтымында, митингчилердин аракеттерине баа берүү менен учурда прокуратура кызматкерлери алектенип жатышат.
«Кечээки факт кылмыштарды эсепке алуу китепчесине катталды. Учурда тиешелүү документтер топтолуп жатат. Алар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде
Митингдин катышуучусу Раис Темиралиевдин толук маеги:
https://soundcloud.com/kloop-1/kycth0unoxxk
Милициянын акциянын катышуучуларын таратууга болгон аракети катуу кагылышууларга алып келип, анын жүрүшүндө митингчилер тарабынан ыргытылган таштардан улам укук коргоо органдарынын 19 кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан.Демонстранттардын арасында жаракат алгандар жок.
Бир катар ЖМКлар митингдин катышуучулары тосулган жол аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылган айдоочуларга кол салышып, унааларынын айнектерин талкалашкандыгын билдирип жатышат. Бирок ал жакта жүргөн «АКИпресстин» журналисти Асейин уулу андай окуя орун албагандыгын билдирүүдө.
«Ал маалыматтар жалган, митингчилер жолдун жабык экендигин айтып жатышат, а айдоочулар артка кайрылып кетип жатышат», — деди ал Kloop.kgнин журналистине.
ИИМ болсо митингдин катышуучулары өтүп бара жаткан бир нече унаанын айнектерин талкалап зыян келтиргендиктерин билдирүүдө.
Ошондой эле милиция демонстранттарга каршы резина окторунун пайдаланылгандыгы тууралуу тарап кеткен маалыматты четке кагууда — бүгүн интернетке резина октордон жаракат алган кишилер тартылып алынган видео жарыяланган. ИИМдин өкүлү ал видеону «чагымчылдык» деп атады.
«Бул чагымчылдык. Анда асманга эки жолу гана ок чыгарылган. Болду. Башка атайын каражаттар пайдаланылган эмес», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.
Талас облустук ИИБсинин өкүлү «АКИпресс» маалымат агенттигине , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында митингчилер таштарды ыргытышып, аларды атайын каражаттарды колдонууга мажбур кылышкандыгын билдирген.
Бирок митингдин катышуучусу Раис Темиралиев окуянын башкача болгондугун айтууда. Анын версиясына ылайык, демонстранттардын милиция асманга ок аткандан кийин гана жиндери келип баштаган.