Видео: ЖКК башчысынын «Рэйндж Ровердин» артынан кубалоосу

Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев тескөөчүлөрдүн талабы боюнча токтобой качкан кара түстөгү «Рэйндж Роверди» кубалоого катышты. Исаев куугунга кокусунан — рация аркылуу кесиптештеринин сүйлөшкөндөрүн угуп калып аралашкан.

«Рэйндж Ровердин» айдоочусу «Дельта Петролеум» мунай компаниясынын директорунун орун басарынын уулу Азиз Курбанов болуп чыкты.

Алгач милиция кызматкерлери аны айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн токтотууга аракет кылышкан. Кубалап жетип, токтотулгандан кийин анын унаасы айып төлөөчү унаалар токтотулчу жайга жеткирилген.