Өспүрүмдөрдү кыйноого алган базар-коргондук милиционерлерге эркинен ажыратуу өкүмү чыкты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эки милиция кызматкери жергиликтүү өспүрүмдөрдү кыйноого алгандыктары үчүн 10 жана 11 жылга эрктеринен ажыратылышты.

Бул Кыргызстандын тарыхында милиция кызматкерлерине карата кыйноо үчүн жазалоо өкүмү чыгарылган экинчи учур.

Шекербек Эрмеков менен Нурбек Асанбай уулу бир сутка бою 16 жаштагы эки өспүрүмдү сабап, бирөөсүнүн денесине чылымдын чогун басып өчүргөндүктөрү үчүн 10 жана 11 жылга эрктеринен ажыратылышты. Буга чейин алардын өспүрүмдөрдүн биринин мойунун күйгүзгөндүктөрү да айтылып жаткан.

Азырынча алардын кимисинин 10 жылга, кимисинин 11 жылга эркинен ажыратылгандыгы белгисиз.

«Тергөөнүн материалдары боюнча, алар өсмүрүмдөрдү эртең мененкиге чейин кармап, сабашкан, ал эмес бирөөсүнүн денесине чылымдын чогун тийгизип өчүрүшкөн», — деди Kloop.kgге берген маегинде Жалал-Абад прокуратурасынын өкүлү Азамат Жунусов.

Массалык мушташты уюштурууга айыптагылары келген

Милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда иштегендиктери менен өкүм Ноокен райондук соту тарабынан 31-март күнү чыгарылган.

Милиционерлердин жактоочулары бул өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотторго даттануу арызы менен кайрыла алышат.

Прокуратуранын маалыматтары боюнча, Эрмеков менен Асанбай уулу аларга каршы кылмыш иши козголоору менен, 2013-жылдын сентябрында эле кызматтарынан четтетилишкен.

Kloop.kgнин журналисттери окуя боюнча экинчи тараптын версиясын угуу үчүн сот жообуна тартылып жаткан милиция кызматкерлери менен да, алардын жактоочулары менен да байланыша алышкан жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2013-жылдын 6-сентябрында милиция кызматкерлери Базар-Коргон районунун Шыдыр айылында эки өспүрүмдү кармап, массалык мушташ уюштуруу боюнча кылмышты мойундарына алдыруу максатында аларды кыйноого алышкан.

«Мектеп окуучуларын милициянын айылдык бөлүмүнө алып келишип, аларды кыйнашкан. Жеңил уруп-согуулардан балдардын бардыгынын денелерине зыян келтирилген, бирок алардын экөөсү катуу жаракаттарды алышкан. Шамшидинов Өткүрбектин мойунун күйгүзүшкөн, учурда анын мойунунда күйүктүн тактары бар. Баарынан да Мамыт уулу Уларбекти катуу кыйнашкан, ал аркасынан жаракат алган, соттук-медициналык экспертизада аркасына мокок оор нерсе менен зыян келтирилгендиги жазылган, буттары менен тебишсе керек», — деген өткөн жылдын ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасынын өкүлү Мамыржан Сүйөркулов.

Жылына жүздөгөн даттануулар

Кыргызстанда жылына укук коргоо органдары тарабынан жасалган кыйноолор боюнча жүздөгөн даттануулар болот, бирок прокуратура менен соттор аларга анчейин деле көп маани бере беришпейт.

Кененирээк: Кыргызстанда кыйноолор үчүн эмнеге жазалашпайт?

Базар-Коргондогу бул ишке чейин кыйноолор үчүн Бишкектин Свердлов РИИБсинин кызматкерине карата өкүм чыгарылган.

Анда борбордук милиция кызматкери шарттуу түрдө гана эркинен ажыратылган.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов бул өкүмдүн базар-коргондук милиция кызматкерлерине карата чыгарылганын өзгөчө маанилүү деп эсептейт — бул район кыйноолордун саны боюнча алдыда турат.

«Акыры өкүмдөр чыгарыла баштады. Канчалаган укук коргоочулар күрөшүп, ишти сотко чейин да жеткире албай келишти эле. Эми мына өкүм чыгарылды, болгондо да Базар-Коргон районунда», — деди Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Токтакуновдун пикиринде, бирок азыр адам укуктарынын сакталышы үчүн күрөш жүргүзүп келгендерге бул өкүм менен макул болуп, токтоп калууга эрте — эми апелляциялык арыздар жазылып, жогорку баскычтагы соттордо өкүм жеңидетилиши мүмкүн.

«Азырынча бул иш аягына чейин чыгарыла элек. Алдыда баарыбыз билген апелляциялык баскычтар, адилеттиктен тайган Жогорку сот жана коррупция бар», — деп эсептейт юрист.

Автор: Толгонай Умуралиева