Юрист Атыр Абдрахматова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны Бажы биримдиги боюнча карманган көз карашы үчүн маектешүүгө чакыргандыктарын билдирди. УКМК бул фактыны танып жатат.
Абдрахматова Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын кызматкерлери аны расмий эмес жолугушууга чакырышып, анын эмне себептен Бажы биримдиги менен Орусияга каршы чыгып жаткандыгын жана бейөкмөт уюмдардын эмне себептен мамлекеттик органдардын ишин ачык кылгылары келээри тууралуу суроолорду бергендиктерин билдирди.
«Мен мүчөсү болгон «Реформа» партиясынын эмне себептен Бажы биримдигине каршы чыгып жаткандыктарын сурашты. [...] Мен бейөкмөт уюмдардан отчет алуу үчүн эч кандай мыйзамдык чектөөлөр жок экендигин айтып түшүндүрдүм», — деди ал.
Аны менен катар УКМКнын кызматкерлери анын бул тууралуу «басма сөз жыйынын өткөрүп же коомчулукка ачык билдирбөөсүн» өтүнүшкөн.
Абдрахматова Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын кызматкерлери аны менен 2014-жылдын февралынан бери жолуга албай жаткандыктарын айтты. Алгач алар Абдрахматова курбусу менен кафеде отурганда келип сунушташкан.
«Ал [УКМКнын кызматкери] сага карата иш бар, абайлап, сак жүр деди. Кызматтын ишинин этикасын эске алсак, бул жаманатты кылып, абийиримди кетирүү фактыларды таап чыгуу же кылмыш ишин козгоо менен аякташы мүмкүн», — деди ал.
Анда юрист маектешүүдөн баш тартып, жолугушуу расмий түрдө жүрүшү керектигин айткан. Бирок атайын кызматтагылар тараптан жооп болгон эмес.
Бир канча убакыттан кийин Абдрахматованын унаасынан жеке ноутбугу жоголуп кеткен. Ал буюмунун жоголгондугу тууралуу билдиргенден кийин УКМКдан телефон чалуу болуп, кайрадан жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Абдрахматова бул жолкусунда макул болгон.
Жолугушууда ал мамлекеттик органдардын өзүлөрү ачык болушу керектигин айтып, ага бийликтегилер алып жаткан донордук каражаттардын кайсыл жакка жумшалып жаткандыгы белгисиз экенин билдирген.
Ал Kloop.kgге берген маегинде Бажы биримдигине каршы акцияга чыккан активисттерге юридикалык жактан гана жардам көрсөткөндүгүн айтты.
Абдрахматова УКМКнын кызматкерлери менен маектешкенден бир нече күн өткөндөн кийин анын үйүн тоноп кетишкен. Бирок азырынча бул эки окуянын бири-бирине тиешеси бар-жоктугунун далили жок.
«Үйгө эшикти же терезени талкалабай өтө этияттык менен киришкен. Чебердик менен үйдү аңтарып, жеке буюмдарымды чачып кетишиптир. Мага булар бири-бирине тиешеси бардай сезилүүдө. Мени коркутуу менен алар дагы кимдир бирөөнү коркуткулары келип жатат», — деп эсептейт ал.
«Биз андай иштер менен алектенбейбиз»
УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде атайын кызматтагылар мындай иштер менен мыйзамдын чегинде гана алектене тургандыктарын айтып, Абдрахматова менен жолугушуу болгондугу фактысын четке какты.
«Бул биздин иш эмес. Аны Бажы биримдигине каршы экендиги үчүн эле чакыруу — бул болбогон иш. Биз мындай иштер менен алектенбейбиз», — деди УКМКнын өкүлү.
Ал билдиргендей, эгер атайын кызматтагылардын Абдрахматова менен сүйлөшкүлөрү келсе алар аны расмий түрдө чакырышмак.
«Ал деген юрист да, кайрылган адамдан ким экендигин сурап, документтерине көз жүгүртүү керектигин түшүнүшү керек да. Нормалдуу адам документин көрсөтүүсүн өтүнүү укугуна ээ», — деди УКМКнын кызматкери.
Атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, Абдрахматова менен башка каалаган адам маектешкен болушу мүмкүн.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталган, бирок ал идея өлкөдө көптөгөн сын пикирлерди жаратып келүүдө.
Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышса, каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.
Алардын бул кооптонууларынан улам Кыргызстан эгер Бажы биримдигине кирип калса өлкөнүн ишкерлерин колдоо үчүн атайын фонддун түзүлүшү жана ири базарлар үчүн өзгөчө жеңилдиктердин болушу керектигин билдирүүдө.
Автор: Тилек Бейшеналиев