Бишкек: Маршруттук такси автобус менен сүзүшүп оодарылып кетти

7-апрель күнү Бишкектин түштүк бөлүгүндө, Тынчтык проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде ири унаа кырсыгы болду. Азырынча жараат алгандардын канча экендиги так белгисиз.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кырсыктан эч ким каза болбогондугун, бирок жаракат алгандардын бар экендигин билдиришти. Азырынча алардын саны так белгисиз.

«Материалдар толтурулуп бүтүп калды. Азырынча медициналык мекемелерден маалымат келип түшө элек», — деди ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов.

Азырынча кичи автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөрүн ооруканага алып кеткендиктери тууралуу гана маалымат бар.

1980453_10151999553480614_4824642095915134302_o

ЖКК жол кырсыгынын келип чыгышына кимдин күнөөлүү экендигин билдирбей эле. Басма сөз катчынын айтымында, кырсыктын күнөөлүүлөрү тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин аныкталат.

«Схемсы чийилди, кырсык болгон жерден алынган материалдар чогултулду. Алардын негизинде экспертиза жүргүзүлүп, айдоочулар жана жабырлануучулар менен маектешүүлөр болот. Анан баары белгилүү болот», — деп кошумчалады Оторов.

Жол кырсыгынан улам Тынчтык проспектисинде унаа тыгыны пайда болгондугу кабарланууда.

Урматтуу окурмандар, эгер сиздер бул жол кырсыгынын күбөсү болуп, анда тартылган сүрөттөрүңүздөр болсо eldiyar@kloop.kg электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.