Апрель айынын башталышын бишкектиктердин көбү өрүктүн гүлдөшү менен байланыштырышат. Бул мезгил узакка созулбайт, ошондуктан Kloop.kgнин кабарчылары борбордун кызгылт-ак кийимчен көрүнүшүн сүрөткө тартып алгылары келишти.
Апрелдин башында Бишкекти таанып болбойт:Кыргызстандын борборунда өрүктөр гүлдөп баштайт:Бул убак Бишкекте эң романтикалуу болуп эсептелет:Өрүктүн гүлдөрү дээрлик бардык ракурста кооз көрүнөт:Анын түстөрү кызгылт түстөн тарта...... дээрлик аппак түскө чейин болот:Өрүктүн гүлдөрү кичинекей балдарга дагы……чоңдорго дагы жагат:Курт-кумурскаларга дагы:Алар шаардык инфраструктуранын көндүм болуп калган элементтерин башкача кылып кубултат:Белгилүү эле имараттар башкача көрүнүп калат:Аянттар дагы:
Базарлар деле өтө начар көрүнбөй калат:А дубалдардын кыйшайыңкы экендиги байкалбайт:Ал эмес Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн да маанайды бузбайт:Мектеп окуучуларына сабактардын аягына чейин отуруу кыйындайт:Мугалимдерге дагы:Бул мезгил өтө тез өтүп кетет:Дагы бир аптадан кийин гүлдөр түшөт:Кайсы бир короолор кайрадан эле мурункудай боз өңүнө кайтат:Бирок 365 күнгө жетпеген убакыттан кийин өрүктүн гүлдөрү кайрадан пайда болот:Авторлор: Нурия Рыскулова, Айшоола Айсаева, Толгонай Умуралиева, Дарья Товканёва, Виталий Белошапкин,Айзирек Алмазбекова, Тилек Бейшеналиев, Эльдос Казыбеков, Кубан Макешов, Дарина Манасбекова,Карина Дитковская, Нурмухаммед Атамбаев, Эмилия Шермамат кызы жана Айсулуу Эркинбекова