Видео: Камакка алынган оппозиционер Мырзаевдин туугандарынын митинги

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын мурунку орун басары Абдымалик Мырзаевдин  туугандары Орусиянын элчилигинин имаратынын алдына митингке чыгышты. Ал мыйзамсыз куралдуу топ уюштурган деген  айыптоолор менен камакка алынган.

Мырзаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан февралдын ортосунда кармалган.

Ал мыйзамсыз куралдуу топту уюштурган жана бийликти күч колдонуп басып алган деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Бирок азыркыга чейин кайсыл бийликти күч колдонуп басып алуу тууралуу кеп болуп жаткандыгы түшүнүксүз.

Абдымалик Мырзаевдин бир тууганы Расул кылмыш иши Кыргызстандын атайын кызматындагылар тарабынан ойлонуп чыгарылган окуялардын негизинде козголгон деп эсептейт.

«Ал [Абдымалик] кыргыз элиндеги көйгөйлүү маселелерди айтып келген. Азыр биз анын кандай абалда экендигин билбейбиз. Ага карата кыйноолор болуп, учурдагы бийликке керектүү болгон көрсөтмөлөрдү алуу үчүн моралдык жана физикалык жактан басым жасоолор болуп жатышы мүмкүн», — деп болжолдоду Мырзаевдин бир тууганы.

Ал орус дипломаттарын Орусиянын жараны болуп эсептелген Мырзаевди коргоого чакырып жатат.

«Курал сатып алып жатканда» кармалган

Мырзаевдин жубайынын айтымында, жолдошу аны атайын кызматтагылар кармап кетиши мүмкүн деп таптакыр ойлогон эмес.

«Аскердик төңкөрүш айыбын тагышты, курал-жарак сатып алып жатканда кармадык деп айтып жатышат. Ал бир тууганы жана балдары менен жүргөн. Аны маектешүүгө чакырып, ошол бойдон кое беришкен жок. Ал эч кандай курал сатып алып жаткан эмес», — деди ал.

Орусия элчилигинин өкүлү Сергей Голышев Мырзаевдин туугандарына учурда дипломаттар бул маселенин үстүндө иш алып барып жаткандыктарын жана тергөө абагында камакта жаткан Мырзаевге барып жолугууга аракет кыла тургандыктарын айтты.

«Иштеп жатабыз. Эгер ал Орусиянын жараны болсо көңүл сыртында калтырбайбыз. [...] Жарандын укуктары бузулдубу? Бузулду. Бизге ушул маанилүү», — деди ал.

УКМКнын басма сөз кызматынан азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын билдиришип, бир аздан соң маалымат берүүнү убадалашты.

Убактылуу өкмөттүн дарегина айтылган сын-пикирлер

Мырзаев 2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп иштеген, бирок ал кызматта бир жылга жетпеген убакытка чейин эле кармалган.

Кызматтан кеткенден кийин ал бийликтин дарегине айткан сын-пикирлери менен белгилүү болгон.

Ал 2010-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн банк ячейкаларындагы акчаларды мыйзамсыз алышкан деп айыптаган.

“Азаттык” радиосунун билдиргенине ылайык, Мырзаев мурда улуттук коопсуздук органдарында иштеген.

Авторлор: Хлоя Гейне жана Владимир Цай