LIVE: Өкмөттүн жаңы программасы боюнча премьер Оторбаевдин кеңешмеси

Жаңы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү министрлер кабинетинин 2013-жылдагы иштеринин жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөрүп жатат.

15:57 Жыйынды маалымат каражаттарынын өкүлдөрүсүз улантуу чечими кабыл алынды.

15:51 ЖМК өкүлдөрүн жыйындар залынан чыгып турууларын өтүнүштү.

15:43 Жаңы маданият министри Камила Талиева сөз сүйлөдү. Ал мекемеси орто кылымдарда Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу тууралуу ЮНЕСКОго билдирме жөнөткөндүгүн билдирди. Азырынча бул билдирүүнүн маани-мазмуну эмнеде экендиги түшүнүксүз.

15:33 Сөз экономика министри Темир Сариевге берилди. Ал калктын кирешелери менен мамлекеттин социалдык тармакка жумшаган каражатынын суммасы жогорулагандыгын билдирди.

15:31 Жаңы премьер өкмөттүн жаңы программасын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

15:30 Оторбаев өлкөдөгү абал тууралуу маселеге өттү — анын айтымында, жалпысынан жыл башынан берки жыйынтыктар боюнча экономикалык абал «жаман эмес».

15:18 Оторбаев киришүү сөзүн дароо эле өкмөттүн иш багытынан баштады. Премьер ачык-айкындуулук, коомчулук менен байланыш тууралуу тезисти бир нече жолу кайталап, чиновниктерди концелярдык тилден жөнөкөй жана түшүнүктүү тилге өтүүгө чакырды.

Күн тартибинде бир нече маселе жазылган:

  • Кыргызстандын өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча министрликтер менен мекемелердин администрация башчыларынын милдеттенмелери;
  • 2014-жылдын I кварталынынын жыйынтыктары боюнча социалдык-экономикалык абал;
  • Кыргызстандын өкмөтүнүн 2013-жыл үчүн берген отчету.

Оторбаевдин өкмөтү 2014-жылдын 4-апрелинде парламент жана президент тарабынан жактырылгандан кийин түзүлгөн. Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү 19-мартта, бир катар депутаттык фракциялар тарабынан сындар айтылып, парламенттеги көпчүлүк коалиция тарагандан кийин отставкага кеткен.

Авторлор:  Хлоя Гейне жана Владимир Цай