Оппозиция курултайын мурда белгиленген жайда өткөрөт

Улуттук оппозициялык кыймыл буга чейин пландалгандай эле 10-апрель күнү Бишкектин Горький атындагы гүлбагында курултай өткөрөт.

Оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири, партиясыз эркин депутат Равшан Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө чектөө киргизүү жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылгандыгына карабастан курултай буга чейин жарыялангандай эле Максим Горький атындагы гүлбакта өтө тургандыгын билдирди.

«Митинг биз буга чейин жарыялаган жерде эле болот, анткени ал убакта митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөлөр күчүндө болчу, ошондуктан биз мыйзамды сыйлаган жаран катары митинг саат 11де, Горький атындагы гүлзарда өтө тургандыгын жарыяладык», — деди Жээнбеков.

Биринчи май райондук соту 31-март күнү Бишкектин борборундагы «Ала-Тоо» аянтында, ошондой эле парламент менен өкмөттүн имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салып, оппозицияга курултайды Горький атындагы гүлзарда өткөрүүсүн сунуштаган.

Бирок укук коргоочулар менен Башкы прокуратура тарабынан сын-пикирлерди жараткан бул тыюу салуу кийинчерээк Бишкек шаардык соту тарабынан жокко чыгарылган.

Жээнбековдун айтымында, оппозиция курултайга 3 миңден ашык киши чогултууга үмүттөнүп жатат.

Учурда оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү коопсуздукту сактап, кандайдыр бир чагымчылдыктардын алдын алуу боюнча милиция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

«Мен 10 жылдан ашык убакыттан бери митингдерди өткөрүп келем, анан албетте башка адамдардын кандайдыр бир чагымчылдыктарынан корком. Оппозиция дал ушул себептен улам чагымчылдыктардын алдын алуу үчүн Мамбетжунус Абыловду жалдады», — деди Жээнбеков.

Акциялардын жылдырылышы жана бийликтегилердин кооптонуулары

Депутаттын айтымында, курултайды өткөрүүнүн башкы максаты Кыргызстандын учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы нааразычылыктарды билдирүү болуп саналат.

«Атамбаев тарабынан орнотулган авторитаризм менен анын жүргүзгөн саясатына каршы нааразычылыктарды айтуу», — деди оппозиционер.

Оппозициянын ири масштабдагы акциясы эки жолу — алгач 17-марттан 31-мартка, андан соң митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-апрелге жылдырылган.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук администрациясы оппозициянын курултай өткөрө тургандыгына байланыштуу кооптонууларын билдирген болчу.

Райондук администрация башчысы Аскербек Алиев оппозициянын 2012-жылдын октябрындагы митингиндей болуп абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп эсептейт.

«Биз бардыгыбыз тең мыйзамды сакташыбыз керек. Эгер митингдер болсо алар парламенттин темир тосмосунан ашып өткөндөй эмес, цивилизациялуу жол менен өткөрүлүшү керек», — деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Майрам Абакирова