«Альфанын» ардагерлери айыпталып жаткан кесиптештерин колдоп митинг өткөрүштү

«Альфа» атайын бөлүгүнүн ардагерлери Бишкектин борборунда митинг өткөрүштү. Алар 2010-жылдагы революция маалында өкмөт үйүн коргоого катышкандарга карата басым жасоолор болуп жаткандыгын айтышып, нааразычылыктарын билдиришти.

«Альфа» бөлүгүнүн 100гө чукул ардагери 2010-жылдагы революция маалында өкмөт үйүн коргогон катардагы кызматкерлеринин акталышын талап кылып жатышат.

Сөз сүйлөгөндөрдүн бири белгилегендей, ал окуялар үчүн буйрукту аткаргандарда эмес, буйрукту бергендер жооптуу болуулары керек.

Ардагерлерге «Альфанын» учурдагы бир нече кызматкерлери да кошулушту. Эреже катары алар журналисттерге аты-жөндөрүн айтышкан жок.

Алардын бири Kloop.kgге берген маегинде 2010-жылдагы революция боюнча соттук процесс өлкөнүн армиясы менен жарандык коомчулугун бөлүп-жаруу коркунучун туудуруп жаткандыгын айтты.

Митингде сөз сүйлөгөн «альфачылардын» биринин апасы кыргызстандыктар «Альфанын» аркасы менен тынч уктай ала тургандыктарын айтты.

«Бийлик алмаша бериши мүмкүн, а бул балдар өлкөнү ар дайым коргошот», — деди ал.

Митингде күтүүсүздөн революцияга катышкандардын бири, Манас Саматов сөз сүйлөдү. Ал дагы бийликтин 2010-жылдагы революция маалында ок атууга буйрук бергендердин аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбай жаткандыгына нааразы экенин билдирди. Анын пикиринде, революция маалында каза болгондор үчүн буйрук бергендердин өзүлөрү жооп берүүлөрү керек.

Митингке милиция кызматкерлери көз салып жатышат, жалпысынан акция тынч өтүп жатат.

2010-жылдагы революция боюнча сотто мамлекеттик айыптоонун «альфачыларды» актоо өтүнүчүнө карабастан айыпталуучулардын жакындары менен туугандары аларды сот жоопкерчилигине тартуу аракетин мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Жалпысынан 2010-жылдагы революция маалында 84 киши курман болгон. «Альфачылар» алардын атайын бөлүгү мамлекеттик бийликти коргоо үчүн түзүлгөндүгүн жана алар анда милдеттерин гана аткаргандыктарын билдирип келишет.