Оппозиция курултайдын өтө турган жайы катары эки башка жерди айтып жатат

Оппозициянын лидерлери 10-апрелге белгиленген курултайдын өтө турган жайы катары эки башка жерди айтып жатышат — Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында,ал эми Равшан Жээнбеков Горький атындагы сейил багына чогула тургандыктарын билдирүүдө.

Оппозициянын ири масштабдагы митинги «Ала-Тоо» аянтында өтүшү мүмкүндүгү тууралуу экс-депутат Садыр Жапаров Kloop.kgнин кабарчысына «Фэйсбук» социалдык түйүнү аркылуу билдирди.

Журналисттин митингдин кайсыл жакта боло тургандыгы жөнүндө берген суроосуна ал төмөндөгүдөй деп жооп берди:

«Чектөө алынгандан соң митинг Ала-Тоо аянтында өтөт», — деп жазды Жапаров.

Оппозициянын башка лидери, учурдагы депутат Равшан Жээнбеков курултайдын Горький атындагы сейил багында өтө тургандыгын билдирүүдө.

Бирок ал Жапаровдун тарапташтарынын борбордук аянтка чогулушу ыктымалдыгын четке каккан жок.

«Биз митингди Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрөбүз, бирок ар биринин өзүлөрүнүн электораты бар жана алар [Жапаровдун тарапташтары] башка жакта чогулуулары мүмкүн», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Чектөөлөрдүн киргизилиши

Буга чейин эки жолу жылдырылган оппозициянын курултайы алгач «Ала-Тоо» аянтында өтүшү керек болчу.

Бирок 31-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту шаардын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизип, ал чечимин «кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетүү» коркунучу менен түшүндүргөн.

Андан соң укук коргоочулар менен акыйкатчы ал чечимди сынга алышып, анын өлкөнүн конституциясына каршы келет тургандыгын билдиришкен.

Жыйынтыгында, 7-апрелде Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чектөө киргизүү боюнча чыгарган чечимин жокко чыгарган, бирок оппозиция ага чейин эле митингди Горький атындагы сейил багында өткөрө тургандыгын жарыялап жиберүүгө үлгүргөн.

3 миңге жакын кишинин катышуусу күтүлүп жаткан оппозициянын курултайынын башкы максаты учурда өлкөнүн өкмөтү менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы ээлик кылган «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы болуп саналат.

Автор: Майрам Абакирова