«РСК Банктын» ишиндеги мүчүлүштүктөр «жаңы программалык камсыздоону орнотууга» байланыштуу [+видео]

5-апрелден тарта мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөрдүн бардыгы кабыл алынчу «РСК» банктын өкүлчүлүктөрүндө техникалык көйгөйлөр жаралды. Өз кезегинде бул банктын бөлүмдөрүндө узун кезек күтүүлөрдү пайда кылып, мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөрдүн кечеңдешине алып келди.  

Видео: Милиционер Kloop.kgнин кабарчыларына банктын имаратынын ичинде видеого тартууга уруксат бербей койду:

«РСК Банк» ишиндеги мүчүлүштүктөрдүн пайда болушуна банктын бардык өкүлчүлүктөрүнө «жаңы программалык камсыздоо» орнотуу аракеттери себеп болгондугун билдирүүдө.

Пресс-релизге ылайык, жаңы программалык камсыздоо банктын тейлөөсүндө «кыйла ыңгайлуу шарттарды» түзөт.

«Албетте жаңы программалык камсыздоону киргизүүгө байланышкан техникалык мүчүлүштүктөр пайда болууда. Жаңы автоматташтырылган банк системасына өтүү максатында «РСК Банк» ЖЧКсынын жалпы жамааты күнү-түнү эмгектенип жатат», — деп жазылган банктын билдирүүсүндө.

Бирок анда банктын качантан тарта мурунку режимде иштеп баштаары так белгиленген эмес.

«Биздин кардарларыбыз үчүн жаралган ыңгайсыздыктарды жоюу үчүн жаңы программалык камсыздоонун бардык түйүндөрү менен топтомдорун ишке киргизүү процессин болушунча кыска убакыттын ичинде чечүүгө аракет кылабыз», — деп билдиришти «РСКдан».

Kloop.kgнин журналисттери тарабынан сурамжыланган «РСК Банктын» кардарлары кээ бирде жарым сааттап кезек күтүп турууга туура келип жаткандыгын айтышты.

Учурда «РСК Банк» жарандар менен уюмдардан салыктар, бажы төлөмдөрү, айыптар сыяктуу бюджеттик төлөмдөрдүн түрлөрүн кабыл ала турган Кыргызстандагы жалгыз банк.

Автор:  Шахида Дүйшеева