«Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өтпөй калды

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалдык бөлүгүнө өтпөй калды.

КВНдин жогорку лигасынын чейрек финалынын биринчи оюну 10-апрелде Москвада өттү. Анда Кыргызстандан барган «Азия Микс» командасы 12,2 упай алып, беш команданын ичинен төртүнчү орунга ээ болду.

Үчүнчү орунга ээ болгон Саратовдон барган командага теңелүү үчүн кыргызстандыктарга 0,5 упай, ал эми оюндун лидери болгон «Союз» командасына жетүүгө 1,6 упай жетпей калды.

Команданын эсебине капитандар сынагы өтө чоң таасирин тийгизип койду — анда «Азия Микстин» лидери Эльдияр Кененсаров «Москвада жүргөн азиаттар үчүн абдан керектүү iДжан S5 телефонун» сунуштап, ал тууралуу айтып берди.

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири — алып баруучу жана музыкант Николай Фоменко — кыргызстандыктарга мүмкүн болгон 3 упайдан 1 гана упай берди.

Азырынча «Азия Микстин» эң жогорку жетишкендиги — бул команданын чейрек финалдагы оюндары.

Оюндун тексттик трансляциясына ылайык, кыргызстандыктардын бул жолку көрсөткөн номурлары мурункусунан кыйла эле айырмаланган — бул жолкусунда мекен тууралуу тамашалар аз болуп, жалпысынан чыгыш тематикасындагылары басымдуураак кылган.

“Үй-бүлөлүк психологго келген чыгыш үй-бүлөсү (көп аялдары менен келди). Бишкектик «Лейкерс» баскетбол клубу – кийим алмаштырчу жайдагы өтө күлкүлүү окуя. Азия өлкөлөрүнүн саммити Европа менен кантип күрөшүү керектиги жөнүндөгү маселени чечип жатат. Жакшы!” — деп жазган тексттик трансляциянын алып баруучусу Михаил Дьяченко КВНдин расмий сайтына.

Номурлардын бирине даярдануу.
Номурлардын бирине даярдануу.

Команданын өзү «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өтүү үчүн «колдон келген бардык аракеттерди көргөндүктөрүн» жазган.

“Албетте биз кайгырбай элебиз, КВН деген биринчи кезекте позитивдүү эмоциялар жана жаркын шоу. Биздин сахнадагы номурларыбызды көрүп абдан күлдүңөр же жакынкы күндөрү ТВдан көрүп күлөсүңөр деген үмүттөбүз!“ — деп жазган команда.

Оюндун телеверсиясы Орусиянын Биринчи каналынан 20-апрель күнү Москва убактысы боюнча саат 22:00дө (Бишкек убактысы боюнча 00:00дө) көрсөтүлөт.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн..

Анын 1964-жылдан берки алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда — 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.