Ишкерлер «негизсиз» текшерүүлөр боюнча өкмөткө даттанышты

Ишкерлер коомчулугу мамлекеттик органдар тарабынан «негизсиз» жана «квалификациясыз» текшерүүлөр болуп жаткандыгын айтып даттанышты. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев аларга жардам бере тургандыгын убадалады.

Премьер-министр 11-апрель күнү өкмөт үйүндө ишкерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушунун жүрүшүндө ишкерлик менен алектенүүгө байланышкан ассоциациялардын башчылары түрдүү мамлекеттик органдар тарабынан «көптөгөн» «негизсиз» текшерүүлөргө дуушар болуп жаткандыктарын билдиришти.

Ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстанда бирин-бири кайталаган текшерүүчү органдардын өтө эле көптүгүн баса белгилешти.

«Санитардык-экологиялык кызмат Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматтарын кайталайт. Мыйзам боюнча алардын бизнести текшерүүгө  укуктары жок, бирок алар мынча текшерүү жүргүздүк деп отчет берип жатышат», — деди Базарларлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв.

Анын бул айткандары менен Салык кеңешчилеринин палатасы башкармалыгынын төрайымы Татьяна Ким макул болуп, кошумча көйгөй катары текшерүүчү чиновниктердин «төмөнкү квалификациясын» атады.

«Мыйзамсыз текшерүү — бул албетте жаман. Бирок квалификациясыз текшерүү — бул андан жүз эсе жаман. [...] Салык кызматы жөнүндө айтсак, алардын эң башкы көйгөйү — бул кызматкерлеринин квалификациясынын төмөндүгү», — деп белгиледи ал.

«Бишкек ишкердик клубунун» аткаруучу директору  Эсен Жуманов Кыргызстанда текшерүүчү кызматтардын «кагазда жазылгандан көп» экендигин билдирди.

«Ишкер убактысын мамлекеттик органдардан келген конокторду тейлөөгө эмес, өзүнүн түздөн-түз ишмердүүлүгүнө коротушу керек», — деп эсептейт ал.

Оторбаев жөнгө салууну убадалады

Ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрүнүн даттанууларынан кийин премьер-министр Оторбаев кол алдындагыларды сынга алып, бир катар чиновниктерди кызматтан кетирээрин айтып коркутту.

Ал ишкерлердин жарымынан көбү — 53 пайызы — уруксат алуу жана текшерүүдөн өтүү үчүн мамлекеттик органдарга пара берүү зарылчылыгына кабылгандыктары жазылган маалыматтарды келтирди.

Оторбаев экономика министри Темир Сариевге мыйзамсыз текшерүүлөрдү тартипке салуу тапшырмасын берди.

«Ишкерлер коомчулугу сизге ишенип жатат. Жеке өзүңүз талдап көрүп мындай нерселерге байланышы барларды кызматтарынан кетириңиз», — деди ал.

Өз кезегинде Сариев ишкерлердин көбүнүн «ачык иштебегендигинен» улам салык чогултуунун көлөмүнүн азайып кеткендигин белгиледи.

«Эгер ишкерлердин өзүлөрүн да ачык жана таза иштөөгө мажбурлабасак күчтүү мамлекет түзө албайбыз. Бизнес социалдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек. Биз өтө эле аз салык чогултуп жатабыз», — деди министр.

Авторлор:  Хлоя Гейне жана Владимир Цай