Украинанын чыгышындагы кагылышууларда каза болгондор бар

Украинанын чыгышындагы Славянск райондук милиция бөлүмүн бошотуу аракети маалында 13-апрель күнү өлкөнүн коопсуздук кызматынын бир кызматкери каза болуп, дагы беши жараат алышты. Имаратты бир күн мурун орусиячыл куралдуу активисттер басып алышкан.

Славянскдагы «антитеррористтик» операция Украинанын бийлиги тарабынан 13-апрелде, куралдуу орусиячыл активисттер жергиликтүү милиция бөлүмүн басып алгандан кийин жарыяланган.

Украинанын ИИМинин башчысы Арсен Аваков өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу атайын уюштурулган операциянын жүрүшүндө Украинанын коопсуздук кызматынын бир кызматкери каза болуп, дагы беши жарадан болгондуктарын билдирди.

Азырынча Орусияга багыт алган активисттердин канчасы каза болгондугу боюнча так маалыматтар жок.

«Сепараттсттер тарабынан — аныктала элек [каза болгондор менен жаракат алгандардын саны]. Сепаратисттер азыр жөнөкөй адамдардын аркасына жашынып башташты. Күчтөрдү кайрадан топтоо жүрүп жатат», — деп билдирди Украинанын ИИМинин башчысы.

Аваковдун айтымында, куралдуу активисттер  сүйлөшүүлөр баштала электе эле Украинанын коопсуздук кызматынын кызматкерлерине каршы ок чыгарышкан.

«Жарандардын бардыгына тең айткыла, шаардын борбордук бөлүгүнөн кетип, үйлөрүнөн чыкпай, терезелерге жакын барбай турушсун. Сепаратисттер эч сөз айтпастан эле өтүп бара жаткан атайын даярдыктагы аскерлерге ок атышты», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

«Москва жаңырыгы» радиосунун Украинанын чыгышындагы Семеновский айылында жүргөн кабарчысы Илья Азар өлкөнүн укук коргоо органдары менен болгон ок атышуудан орусиячыл активисттердин бири каза болуп, дагы бири жарадан болгондугун билдирди.

Славянскдеги милициянын штабы — Украинанын чыгышында басылып алынган милициянын жалгыз имараты эмес. Белгисиз адамдар тарабынан ошондой эле Краматоргск жана Красный Лиман райондук милиция бөлүмдөрү да басылып алынган.

Орусиянын тиешеси барбы?

Украинанын бийлиги өлкөнүн чыгышындагы милиция имараттарынын басылып алынышын «Орусия тараптан жасалган сырткы агерссия» менен байланыштырып жатышат. Украинанын ИИМинин маалыматы боюнча, белгисиз адамдар орус армиясында гана пайдаланылган АК-100 автоматтары менен куралданышкан.

Украинанын чыгышындагы имараттарды куралдуу басып алууларга Орусиянын катыштыгы бардыгы боюнча шектенүүлөрүн АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри да билдирди.

Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгисиз адамдар орус куралдары менен куралдангандыктарын жана Крымга киргизилген орус аскерлериндей кийингендиктерин билдирди.

«Джон Керри эгер Орусия Украинанын чыгышындагы чыңалууну азайтуу боюнча кадамдарды жасабаса кошумча кесепеттер болоорун ачык билдирди», — деп жазган АКШнын Мамлекеттик департаменти жетекчисинин айткандарын.

Өз кезегинде Орусиянын ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киев дагы, Вашингтон дагы Украинанын чыгышындагы кагылышууларга Орусиянын түздөн-түз тиешеси бардыгы тууралуу конкреттүү фактыларды көрсөтпөгөндүгүн билдирди.

«Украинадагы, анын ичинде түштүк-чыгыш аймактардагы саясий каатчылык Киевдеги бийликтин орустар менен орус тилдүү калктын мыйзамдуу керектөөлөрүн укпай койгондугунан улам да келип чыккан», — деп жазылган Орусиянын ТИМинин сайтында.

Лавров эгер Украинанын бийлиги өлкөнүн «аргасы түгөнгөн абалга жеткен түштүк-чыгышындагы жашоочуларына» каршы күч колдоно турган болсо, анда  украин маселеси боюнча мындар аркы кызматташуулар токтой тургандыгын кошумчалады.

Орус-украин кризиси

Украина менен Орусиянын мамилеси үстүбүздөгү жылдын февралында, орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин начарлаган.

Украинада бийлик алмашкандан бир апта өткө соң Орусия өз аскерлерин Крымдын аймагына киргизе баштаган, ал эми жарым аралдын Орусияга ыктаган бийлиги Орусиянын курамына кирүү боюнча референдум өткөрүшкөн. Бирок батыш өлкөлөрү менен расмий Киев референдумду мыйзамсыз деп аташып, анын жыйынтыктарын таанышкан эмес.

Крым Орусиянын курамына киргенден кийин өлкөлөр ортосундагы мамиле оор болуп турганы менен 13-апрелге чейин Орусияга ыктаган активисттер менен украин укук коргоо органдарынын ортосунда ачык кагылышуу боло элек болчу.

Украинанын жаңы бийлиги менен батыш өлкөлөрү Орусиянын чек арага аскерлерин жакындатып, өлкөнүн орус улутундагы калкы көп жашаган чыгыш бөлүгүн басып алууга даярданып жаткандыктарын бир нече жолу билдиришкен.

Орусия болсо ал айыптоолорду четке кагып, чыгыш облустардагы демонстранттардын орус тил расмий статусуна ээ автономияны каалап жаткан Украинанын жарандары экенин айтууда.