Оштун ири телеканалы кожоюнунун алмашкандыгын четке кагууда

Түштүк борбордогу ири телеканалдардын бири «Ош-ТВ» кожоюнунун алмашкандыгын четке кагып жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттарында пайда болгон маалыматтарга ылайык, каналдын кожоюну алмашып, ага орусиялык ишкер Максим Кротов ээлик кылып калган.

Компаниянын жаңы кожоюну тууралуу маалымат «ОшТВнын» пресс-релизине таянуу менен жазышкан Кыргызстандын бир катар ЖМКларында пайда болгон.

Телекомпаниянын өкүлдөрү Kloop.kgге берген маектеринде телеканалдын менчик ээсинин алмашкандыгын четке кагышты — компаниянын каржы директору Дильмурат Исанов ал маалыматтын «жалган» экендигин айтты.

«Жок-жок. Бул тууралуу бизге эч нерсе белгисиз. Ал жалган маалымат», — деди ал.

Исанов маекти андан ары улоодон баш тартты.

Каналдын кожоюнунун алмашканын анын башкы директору Эрнис Кыязов да четке кагууда. Ал «Турмуш» маалымат агенттигине берген маегинде ал тууралуу билбестигин жана телекомпаниянын кадимкидей эле режимде иштеп жатканын айткан.

Маалыматтык редакцияларга таратылган пресс-релизге ылайык, компания 27-марттан тарта орусиялык ишкер Максим Кротовго таандык болуп калган.

«[Кротовдун] активдерди башкаруудагы тажрыйбасы телекомпаниянын ишине жаңы технологияларды киргизүү, анын алдыдагы стратегиялык өнүгүшү жана максатуу аудиториясын кеңейтүүгө байланышкан маселелердин чечилишине жол ачат», — деп жазылган ал пресс-релизде.

Каналдын мурунку кожоюну — этникалык өзбек Халил Худайбердиев — 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуудан кийин кызматынан алынып, издөөгө жарыяланган болчу.

Автор:  Хлоя Гейне