Оштун ири телеканалы орусиялык ишкерге сатылды

Оштогу ири телеканалдардын бири болуп эсептелген «ОшТВны» орусиялык ишкер Максим Кротов сатып алды. Компаниянын башкы директору Эрнис Кыязов кызматынан кетти.

Кыязов Kloop.kgге берген маегинде «ОшТВнын» жаңы кожоюну орусиялык ишкер Максим Кротов болгондугун ырастады.

Мурунку башкы директор телеканалдын жаңы кожоюну менен жеке тааныш эмес экенин айтты.

«Мен анын атын жана фамилиясын гана билем: Максим Кротов. Башка эч нерсе билбейм», — деди ал.

Кыязов анын «ОшТВнын» башкы директорлугунан кетиши телеканалдын кожоюнунун алмашкандыгына байланыштуу эмес экендигин билдирди.

«Ооба, мен өз каалоом менен арыз жаздым. Бирок бул жаңы инвесторлордун келгенине байланыштуу эмес. Жөн гана менде чыгармачылык пландарым бар», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин Кыязов менен телеканалдын каржы директору Дильмурад Исанов компаниянын кожоюнунун алмашкандыгы тууралуу маалыматты четке кагышкан болчу.

Телеканалдын сатылгандыгы тууралуу маалымат «ОшТВ» тараткан пресс-релизге таянуу менен жазышкан Кыргызстандын бир катар ЖМКларында пайда болгон.

Билдирүүгө ылайык, компания 27-марттан тарта Москвалык инвестор болуп эсептелген орусиялык ишкер Максим Кротовго таандык болуп калган.

«[Кротовдун] активдерди башкаруудагы тажрыйбасы телекомпаниянын ишине жаңы технологияларды киргизүү, анын алдыдагы стратегиялык өнүгүшү жана максатуу аудиториясын кеңейтүүгө байланышкан маселелердин чечилишине жол ачат», — деп жазылган ал пресс-релизде.

Каналдын мурунку кожоюну — этникалык өзбек Халил Худайбердиев — 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуудан кийин кызматынан алынып, издөөгө жарыяланган болчу.

Автор:  Хлоя Гейне