Видео жана сүрөт: Бишкектин четиндеги жолсуз жарыштар

«Offroad Kings» клубунун кубогу үчүн жарыштар 13-апрель күнү Озерный айылындагы аянтта болуп өттү. Айдоочулар үч топто катышышты — атайын даярдалган унаалар, сериялуу унаалар жана квадроциклдер.

Бишкектин унаа жарыштарын сүйгөн жашоочулары беш жылдан бери борбордун түндүк тарабындагы Озерный айылындагы аянтка чогулуп келишет.zzzzzzzzzz_offroad_0082zzzzzzzzzz_offroad_0085Кыргызстанда чыныгы жарыш жолдорунун жоктугун эске алсак, жолсуз жарыштар — азыр автоспорттун өлкөдө өнүгүп жаткан жалгыз түрү.zzzzzzzzzz_offroad_0093zzzzzzzzzz_offroad_0092Кээ бирде башка жолдордун пайдаланылганы менен жарыштардын көбү Озерныйдын жанындагы дал ушул аянтта өтөт.zzzzzzzzzz_offroad_0086zzzzzzzzzz_offroad_0091Жыл сайын катышуучулар сыяктуу эле унаалардын да топтору көбөйүп жатат.zzzzzzzzzz_offroad_00902014-жылы катышуучулар үч топто жарышка түшүштү. Унаалардын арасындагы эң престиждүү топ — бул «спорт», анда атайын жарышка даярдалган унаалар катышышат.zzzzzzzzzz_offroad_0087zzzzzzzzzz_offroad_0088Эгер айдоочу анча даярдалбаган сериялуу унаа менен катышкысы келсе, анда ал «туризм» тобуна каттала алат.zzzzzzzzzz_offroad_0094Жарыштарга катышуу үчүн коюлган башкы талап — бул унаанын төрт дөңгөлөгүнүн тең айланып иштөөсү.zzzzzzzzzz_offroad_0101zzzzzzzzzz_offroad_0098Андан сырткары квадроциклдер үчүн дагы эки топ бар.zzzzzzzzzz_offroad_0095zzzzzzzzzz_offroad_0096Негизинен жарышка джиптер катышышты. 13-апрелде өткөн жарышка катышкандардын бири кичи автобусун айдап чыкты. Бирок чынында биринчи эле көлчүктө тыгылып калды.zzzzzzzzzz_offroad_0084Жарыштар үчүн жолдорду бир апта эрте даярдашат. Бирок жарыш күнү аба-ырайынын кандай болоорун эч ким алдын ала айта албайт.zzzzzzzzzz_offroad_009913-апрелде өткөн жарыш азырынча мындай мелдештерди уюштуруп келген өлкөдөгү эң ири клуб болуп эсептелген «Offroad Kingsтин» беш жылдыгына арналды.zzzzzzzzzz_offroad_0097Автор:  Виталий Белошапкин