Жети күндүк издөөдөн кийин бүгүн табылган бишкектик үч студент кыз окуу жайындагы начар баалары үчүн ата-энелери урушат деп коркуп, үйлөрүнөн өз эрктери менен кетишкен.
Курбу кыздардын үчөөсү тең 24-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда табылышты.
Милициянын версиясы боюнча, кыздар окуу жайдагы сабактарын көп калтыргандыктан ата-энелери урушат деп коркуп, үйлөрүнөн өз эрктери менен кетип калышкан.
«Кыздардын үйлөрүнөн уруксат сурабай, өз эрктери менен кетип калгандыктары аныкталды, аларды эч ким күчкө салып кармап турган эмес. Кыздар сабактарын көп калтырышчу экен, андан соң үйлөрүнөн таптакыр эле кетип калышкан. Алар бул аракеттерин ата-энелеринин каардануусунан корккондуктары менен түшүндүрүп жатышат», — деп жазылган Ички иштер министрлигинин пресс-релизинде.
Кыздардын үчөөсү тең Бишкекте жашашкан, аларды туугандары 17-апрель күнү кечинде таппай калышкан.
Андан бери кыздардын бүткүл өлкөгө атагы чыкты — 21-апрелден тарта өлкөнүн дээрлик бардык ири маалымат каражаттары алардын жоголгондуктары тууралуу жазып башташкан.
Ажиотаждын пайда болушуна жакында эле Бишкекте эки кыздын өлтүрүлүшү, ошондой эле өлкөдөгү мезгил-мезгили менен орун алып келген ала качуулар түрткү болгон.
Досунукунда жашашкан
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кыздар качып кетишкенден кийин Талас облусуна жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барып келүүгө жетишишкен.
Андан соң алар Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашаган досунун үйүнө барышкан да милиция тарабынан ошол жерде табылышкан.
«Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө алардын тааныштары менен байланышка чыгышкан. Кыздар азырынча ата-энелерине өткөрүлүп бериле элек», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.
Осмонбаевдин айтымында, үч курбу кыз өткөн жылы Ысык-Көлдөн таанышкан Түп районунун жашоочусунун үйүндө болушкан.
Жоголгон кыздардын бири Айжамал Кожомбердиеванын таежеси Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде кыздар учурда дагы деле Ысык-Көл облусунда экендиктерин айтты.
«Алардын качан келээри так белгисиз. Азыр ал жерде териштирүү жүрүп жатыптыр, алардын тынчтарын албообузду өтүнүп жатышат», — деди ал кыздардын кимдер менен «териштирүү» жүргүзүп жаткандыктарын түшүндүрбөстөн.
Автор: Мираида Жапарова