Өкмөт 2013-жылдагы иши боюнча парламенттик көпчүлүктүн алдында отчет берди

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен министрлер кабинетинин мүчөлөрү өкмөттүн 2013-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча парламент депутаттарынын алдында отчет беришти.

Түз эфир аяктады. Жыйындын экинчи бөлүгүнүн көчүрмөсү:

Жыйындын биринчи бөлүмү:

Парламенттик көпчүлүктүн депутаттары премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин өткөн жыл боюнча берген отчету тууралуу бир пикирге келе алышкан жок.

Көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов эми премьер-министрдин ишине КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекендин» лидерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзүү жолу менен баа берилээрин билдирди.

Парламенттик коалиция 25-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2013-жылдагы аткарган иштери боюнча премьер-министрдин отчетун угушту.

Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде гана шайланганы менен парламенттин алдында отчет берди.

Жыйындагы негизги темалардын бири — республиканын түштүгүн газ менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр болду.

Оторбаев депутаттарга Өзбекстан эки аптадан бери эч кандай себепсиз эле Кыргызстандын түштүгүнө көгүлтүр от берүүсүн токтоткондугун билдирди.

«Мен Өзбекстандын премьерине кат жөнөттүм, бирок жооп келе элек. Биздин карызыбыз жок. «Газпром» да, Миллер мырза да иштеп атышат. Бул маселе биз үчүн өтө приоритеттүү», — деди премьер-министр.

Оторбаевдин айтымында, өткөн жылдагы негизги экономикалык жетишкендик — өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасынын иштелип чыгышы жана жалпы ички дүң продуктунун фонунда тышкы карыздардын өлчөмүнүн кыскартылышы болгон. Ал продукцияларды сыртка чыгаруу үчүн зарыл болгон документтердин санынын азайгандыгын да белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында, 2013-жылы Кыргызстанда кош бойлуу аялдар менен балдардын өлүмү кыскарган, ошондой эле айыл-чарба тармагында да кыйла жетишкендиктер болгон.

Премьер менен өкмөт мүчөлөрү жакшы жакка болгон өзгөрүүлөр менен катар парламенттин көңүлүн учурдагы көйгөйлөргө да бурушту.

Энергетика министрлигинин башчысы Осмонбек Артыкбаев Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн төмөндүгү быйылкы кышта энергетика тармагында көйгөйлөрдү жаратышы ыктымалдыгын билдирди.

Экономика министри Темир Сариев депутаттарга өз товарларын Казакстан менен болгон чек ара аркылуу өткөрө албай жаткан соодагерлер тарабынан арыздануулар болуп жаткандыгын айтты:

«Биздин ишкерлер товарларды Кытайдан алып келип бул жерде сатышат да. Азыр алар эгер чек арадагы бул маселени чечпесек, жабыла тургандыктарын айтып жатышат».

Жыйындын хроникасы:

15:11 Көпчүлүк коалициясы өкмөттүн отчетун эске алды, жыйын аяктады.

14:33 Оторбаев өнүгүшү боюнча өлкөнүн ар кайсы аймактарын салыштырды.

«Бишкек шаарында бардыгы чогулган, инвестициялар имараттарды курууга, заводдордун кайрадан курулушуна жакшы тартылууда, Жалал-Абадда өсүш бар, негизинен тоо кен өнөр жайынын эсебинен. Бирок депрессивдүү аймактар да бар, ошолорго көңүл буруу керек. Болгону жөн гана иштеш керек», — деди ал.

14:06 Маданият министри Камила Талиева кечээ акция өткөргөн маданият ишмерлери менен жолуга тургандыгын айтып, убада берди.

«Биз алар менен эртең жолугабыз. Каражаттан сырткары алар министрликтин ишине да нааразы», — деди Талиева.

14:05 Депутат Бөдөш Мамырова: «Газ качан болот [түштүктө]? Сатуудан мурун ["Кыргызгазды"], ойлонуш керек эле да!»

Оторбаев: «Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, ал бир тараптуу чечим болду, Өзбекстан эч кандай түшүндүрмөсү жок эле газ берүүнү токтотту. Биз кат жөнөттүк, сүлөшүп жатабыз. Газпромго баарын айттык, ["Газпромдун" башчысы Алексей] Миллер буга көңүл бурууда».

13:49 Экономика министри Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр тууралуу: «Акыркы төрт айдан бери соодагерлер өкмөткө арызданып жатышат. Негизги себеп — өз товарларын Казакстандын аймагы аркылуу алып өтө албай жатышат, биздин ишкерлер товарларды Кытайдан алып келип бул жерде сатышат да. Азыр алар эгер чек арадагы бул маселени чечпесек, жабыла тургандыктарын айтып жатышат».

13:36 Депутаттар мектеп мугалимдеринин көбү айлык маяналарын өз убактарында албай жаткандыктарын, ал эми кээ бирлери таптакыр эле ала электигин айтышты. Министрлер бул маселени чечүүнү убадалашты.

«Айлыктарды өз убагында берип турабыз деп убада беребиз», — деди Оторбаев.

13:33 Унаа жана байланыш министри Калыкбек Султанов Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көйгөйлөр тууралуу айтты.

«Бишкек—Нарын-Торугарт жолунда жаракалар пайда болуптур. Биз ал маселени карап чыктык, ал асфальттын үстүнө асфальт төшөгөндүктөн болуш керек. Бул маселенин үстүндө комиссия иш алып барып жатат», — деди ал.

13:30 Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев быйыл Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли төмөн экенин жана 2014-2015-жылдын кыш айларында энергетикада көйгөйлөрду жаратышы мүмкүндүгүн мойнуна алды.

«Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли өтө төмөн. Биз суу алышыбыз керек болчу, бирок бир катар себептерден улам суу азайып жатат. Бизде программа бар, ошол боюнча иштеп жатабыз», — деди ал депутаттарга.

Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы керектөолөрдүн 40 пайызын камсыз кылат. Андагы суунун деңгээлинин төмөндөп кетиши 2008-2009-жылдардын кышында Кыргызстанда электр каатчылыгын жараткан болчу.

13:20 Оторбаев Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү ички дүң продуктуга салыштырмалуу 45 пайызды түзөөрүн айтты.

«Экономика өсүп жатат, мындан улам биз бир катар карыздарды эсептен чыгарып жатабыз. Тышкы карыз экономикага зыянын тийгизбейт, анткени эл аралык стандарттар боюнча ал 80 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Тышкы карыз 3,5 миллиар доллардын айланасындагы каражатты түзөт», — деди ал көпчүлүк коалициясынын депутаттарына.

13:11 Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып эмне себептен Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн токтоткондугун билбей тургандыгын айтты.

«Мен Өзбекстандын премьерине кат жөнөттүм, бирок жооп келе элек. Биздин карызыбыз жок. «Газпром» да иштеп жатат, Миллер мырза ["Газпромдун" башчысы] менен биз жакында жооп алабыз деген үмүтүм бар. Бул маселе биз үчүн өтө приоритеттүү», — деди премьер-министр.

12:47 Оторбаевдин сөз сүйлөөсү болжол менен жарым сааттык кечигүү менен башталды. Кириш сөзүндө ал бир нече сандарды атады — негизинен өлкөнүн 2013-жылдагы ийгиликтери тууралуу.

Премьер-министрдин айтымында, 2013-жылы Кыргызстанда кош бойлуу аялдар менен балдардын өлүмү кыскарган, ошондой эле айыл-чарба тармагында да жетишкендиктер болгон.

Өкмөттүн ийгилиги катары Оторбаев Кыргызстандын Орусия, Казакстан жана Белорусь өлкөлөрүнөн турган Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасынын иштелип чыгышын атады.

12:22 Оторбаевдин катышуусундагы жыйын депутаттардын кворумунун жоктугунан улам 20 мүнөттөн бери башталбай жатат.