Теле алып баруучу Малахов Кыргызстанга келбей калды

Белгилүү орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов жергиликтүү телеберүүгө катышуу үчүн Кыргызстанга 25-апрелде учуп келиши керек болчу, бирок акыркы мүнөттөрдө баш тартты.

Коомдук телерадиокорпорациясынын басма сөз борборунан Малаховдун Кыргызстанга келбей калгандыгын ырасташты.

Ал мындай чечимге акыркы мүнөттөрдө, аба майданда жүргөндө келген.

Басма сөз борборунун кызматкери алып баруучунун бүгүн келбей калышы анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Малахов аба майданга келгенден кийин учуудан баш тарткан, анткени анын туугандарынын бири каза болгон, бирок бул тактала элек маалымат», — деди ал.

«Пусть говорят» жана «Большая стирка» аттуу ток-шоулары менен белгилүү Малахов КТРКнын «Ой Ордо» берүүсүнүн юбилейлик чыгарылышына чакырылган болчу.

Анда ал Орусиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде өзүнүн берүүлөрү көрсөтүлгөн «Биринчи каналдын» иши тууралуу айтып бермек.

Андан соң жергиликтүү маалымат каражаттары үчүн басма сөз жыйынын өткөрмөк.

КТРК орусиялык тележылдыз кийинчерээк келе тургандыгын убадалап жатат.

«Бул биздин пландарыбызды өзгөртпөйт, болгону атайын чыгарылышты кийинки айдын башталышына жылдырууга туура келет», — деп жазган КТРКнын алып баруучусу Артем Слонь «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Автор: Майрам Абакирова