Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Артём Иванов (КСДП) менен Кубанычбек Конгантиев («Республика») «Сиздин депутат» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Бишкектин башкы планы тууралуу талкуу жүргүзүштү. Шаардын башкы планы ачыкталышы керекпи? Эгер ачыкталышы керек болсо толугу мененби? Башкы пландын жалпы элге жеткиликтүүлүгүнүн пайдалуу жана зыяндуу жактары кайсылар?
«Сиздин депутат» берүүсү Улуттук демократиялык институттун колдоосу менен ЭлТР телеканалында чыгат. Kloop.kg берүүнүн бул чыгарылышын анын негиздөөчүлөрүнүн уруксаты менен чыгарууда.
«Сиздин депутат» берүүсүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасы.
Автор: Бектур Искендер