АКШнын бийлиги Internet Explorer браузеринин ишиндеги катачылыктар тууралуу эскертүүдө

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги дүйнөдөгү популярдуу браузерлердин биринде хакерлер үчүн миллиондогон колдонуучулардын маалыматтары менен системаларын ача турган олуттуу катачылыктар аныкталгандыгын билдирүүдө.

28-апрель күнү кечинде АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин алдындагы программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу институту Internet Explorer браузеринин ишинде олуттуу катачылыктар бар экендиги жазылган билдирүү таратты.

Бул кемчиликтер ниети бузук адамдар тарабынан обочолонгон компьютердеги коддорду пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт, өз кезегинде ал системанын вирус жуктуруп алуусуна жол ачат.

Чабуул жасоолордун тобокелдигин азайтуу үчүн киберадистер алсызыраак болгон Adobe Flash плагинин өчүрүүнү сунуштап жатышат.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги азырынча бул көйгөйдү кантип чечүү керектигин билбейт. Ал колдонуучуларга браузерлерин алмаштырууну же Internet Explorerдин негиздөөчүсү болгон «Майкрософт» корпорациясынын сунуштамалары менен пайдалануу кеңешин берүүдө.

«Колдонуучу зыянга учуратуучу шилтемелерди же тиркелген документтерди ачкандан кийин хакерлер вирустарды жүктөшөт. Андан соң вирус хакердин нормалдуу колдонуучу кейпин кийүүсүнө жардам берет. [...] Юзер канчалык көп укуктарга ээ болсо, ошончолук көп зыян келтирилет. Мисалы, эгер сиз системага администратор катары кирсеңиз хакерлер сиздин логиниңиз жана сыр сөзүңүз менен пайдаланып көп нерселерди жасап салуулары мүмкүн», — деп түшүндүргөн көйгөйдү The Washington Post гезитинин журналисттери.

“Майкрософт” корпорациясынын өзү кооптуу топторго Internet Explorer 6дан тартап Internet Explorer 11ге чейинки версияларды пайдаланган колдонуучулардын бардыгы тең кире тургандыгы айтылган расмий билдирүү таратты.

W3schools.com статистика сайтынын маалыматы боюнча, Internet Explorer браузери популярдуулугу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат — аны менен жалпы интернет колдонуучулардын 9,7 пайызы пайдаланышат.

Дүйнөдө эң популярдуу браузер катары «Гугл» корпорациясы тарабынан негизделген Chome эсептелет (57,5%), ал эми экинчи орунда Mozilla Firefox турат (25,6%).