Бишкекте татуировкаларды кантип түшүрүшөт

Kloop.kgнин кабарчысы Бишкектеги салондордун биринде болуп, татуировкаларды түшүрүү процессин сүрөткө тартуу менен бирге ал процедуранын канчалык деңгээлде оорута турганын жана кымбат экенин билип келди.

Учурда татуировка түшүрүү менен алектенген Роман Дроздов бул кесипке шыгы бар экенин беш жыл мурун түшүнгөн.IMG_3289Роман биринчи татуировкасын алгач өзүнүн досуна түшүргөн.

«Албетте, биринчи татуировкам өтө жакшы болгон эмес», — деп мойнуна алат Роман.

Бүгүнкү күндө Дроздов кардарларынын каалоолорун ишке ашыруу үчүн алардын денелеринин ар кайсы бөлүктөрүнө түрдүү жазууларды жазып, сүрөттөрдү тартып, жан дили менен берилип эмгектенет.IMG_3243Романга күнүнө төрт-беш киши кайрылат. Чебердин бир сааттык иши 1000 сомду түзөт. Татуировка түшүрүүнүн узактыгы анда чагылдырыла турган сүрөттүн аткарылышынын оордугуна жараша болот.IMG_3271Татуировканы териге түшүрөөрдүн алдында чебердин иш аспаптарынын бардыгы тең сөзсүз түрдө дезинфекцияланып, стерилизация кылынат.

Албетте, иштин башталышында адамдын териси бактерияларга каршы аралашмалар менен тазаланат, андан соң татуировканын эскиздери түшүрүлөт.

Роман эки ыкманы пайдаланат: ал татуировканын эскиздерин атайын кагаздар аркылуу же атайын карандаштар менен фломастерлерди пайдалануу менен түшүрөт. Андан соң өзгөчө боектор менен ийнелүү тату-машинасы ишке кирет.IMG_3263Дроздовдун айтымында, ал пайдаланган ийнелер бир жолу гана колдонуу үчүн.

«Татуировка түшүрүлгөндөн кийин ал жер компресс кылгандай пленка менен оролот. Мисалы, мен канабашы үчүн вазелин сыйпап, кеминде төрт саатка чейин пленкага ороп коем», — деп түшүндүрдү чебер.IMG_3297Роман татуировка түшүрүүгө белсенген адамдарга сезиле турган ооруу сезимин «чыдаарлык» деп атады. Бирок анын айтымында, сүрөт түшүрүү маалында эч-учун жоготуп жыгылган кардарлары да болгон.IMG_3259«Алар оорууга чыдабай жыгылып калышкан эмес, талкундангандыктарынан улам жыгылып калышкан. Тактап айтканда, алар бул жакка келе жатканда эле толкунданып башташат. Колдору тердеп, титиреп алышат», — деп түшүндүрдү ал.

Тату чеберлеринин кызматтарына балдар дагы, кыздар дагы кайрылышат. Роман эркектерге караганда айымдар «чыдамкайыраак» болоорун айтат.IMG_8728Ольга мындан үч жыл мурун жасаткан татуировкасына ыраазы болбой, аны оңдоп берүү өтүнүчү менен Романга кайрылган. Ал ийне тийгенде өтө ооруй турганын мойнуна алды.

«Албетте, ооруйт. Бирден онго чейинки сандардын системасы менен бааласак, — 4 же 5 болот», — дейт Ольга.IMG_8705Урматтуу окурмандар, денеге татуировка түшүрүүгө кандай көз караштасыз? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазыңыздар.