Чакырылып алынган «гейлерге каршы» мыйзам долбоору парламенттин кароосуна кайтарылат

Мыйзам долбоорунун автору документтин чакырылып алынышын «регламентти сактоо» каалоосу менен түшүндүрүүдө. Экспертизадан өткөрүлүп, ал боюнча юристтер корутунду чыгаргандан кийин документ парламенттин профилдик комитетинде кийинки аптада каралат.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири — депутат Курманбек Дыйканбаев — Kloop.kgге берген маегинде парламентарийлер документти «убактылуу техникалык себептерден улам» чакырып алгандыктарын билдирди. 

«Регламенттин сакталышы үчүн ушундай кадамга бардык. Мыйзам долбоорун кийинки аптада комитетке алып чыгабыз», — деп билдирди Дыйканбаев.

Регламентке ылайык, мыйзам долбоору коомдун талкуусу үчүн парламенттин сайтына жайгаштырылат. Талкуулардан соң анын профилдик комитетте каралышына чейин он күн өтүшү керек.

Учурда мыйзам долбоору укуктук экспертизадан өткөрүлүп жатат, андан соң юридикалык бөлүм ал боюнча өз корутундусун бериши керек болот.

Мыйзам долбоору бул жол-жоболордун жыйынтыктары боюнча профилдик комитетке келип түшөт. Дыйканбаев биринчи окууда эксперттердин пикирлери менен алардын корутундуларын уга тургандыктарын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунун чакырылып алынышы

Мыйзам долбоору анын авторлору — Төрөбай Зулпукаров менен Курманбек Дыйканбаев тарабынан 22-апрелде эле чакырылып алынган.

Бирок ал тууралуу расмий билдирүү 28-апрелде гана жарыяланган. Мыйзам долбоорунун чакырылып алынышы Кыргызстандын коомчулугунун бир бөлүгү, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар тарабынан айтылган кескин сын-пикирлердин фонунда орун алган.

Мыйзам долбооруна каршы онлайн-петиция 28-апрелге карата физикалык тараптардан 510 кол топтогон,алардын 340тан ашыгы кыргызстандыктарга таандык болгон.

Андан сырткары мыйзам долбооруна каршы жергиликтүү жана эл аралык 68 уюм колдорун коюшкан.

Укум-тукумду көбөйтүү

Зулпукаров менен Дыйканбаевдин идеяларына ылайык, Кыргызстандын мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши керек болчу. Аларга ылайык, өлкөдө «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жараткандар» кылмыш жоопкерчилигине тартылышмак.

Мыйзам долбоорунда эгер «салттуу эмес мамилелерге» жашы жете элек балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир жаратыла турган болсо бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун текстинде кандай мамилелерди «салттуу эмес мамиле» катары эсептесе боло тургандыгы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова