«Газпром» Кыргызстанга үзгүлтүксүз газ жеткирүүнү убадалады

«Газпром» ишканасынын төрагасы  Алексей Миллер Кыргызстандын премьери менен болгон жолугушуусунда компания өлкөгө көгүлтүр отту толук көлөмдө жеткирүүгө кепилдик берээрин билдирди.

Москвада өткөн 29-апрелдеги жолугушууда тараптар Кыргызстанга газ жеткирүү тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулашты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Жоомарт Оторбаев Алексей Миллер менен болгон сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө «Газпромдун» Кыргызстандын рыногуна келишин «чыныгы тарыхый окуя» деп атаган.

«Газпромдун» энергосистемабызга келиши өлкө үчүн абдан маанилүү. Биз «Газпромдун» Кыргызстандагы инвестициялык программаларынын өз убагында ишке ашуусуна кызыкдарбыз», — деп жазган басма сөз кызматы Оторбаевдин айткандарын.

Өз кезегинде Миллер өлкөнү үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу убадасын берди.

«Келишимге кол коюлду. Жумушчу тартипте техникалык маселелерди иштеп чыгуу гана калды. Биз жоопкерчиликти толугу менен өз мойнубузга алабыз, газ жеткирүү боюнча бардык милдеттенмелердин аткарылышына толук кепилдик беребиз», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы Миллердин айткандарын.

«Кыргызгаз» орусиялык «Газпромго» символикалуу бир долларга биротоло 10-апрелде сатылган.

Бул үчүн орусиялык ишкана Кыргызстандын газ тармагына 600 млн доллар каражат жумшаарын жана 40 млн АКШ долларын түзгөн «Кыргызгаздын» карыздарын төлөп кутула тургандыгын убадалаган.

Түштүктө эки аптадан бери газ жок

Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн 14-апрелде токтоткон, андан бери ал аймактын жашоочулары көгүлтүр отсуз жашап келишет.

«Кыргызгаз» ачык акционердин коомунун маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүгүнө газ берүү келишимдин мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу токтотулган.

Парламенттин 24-апрелдеги жыйында «Кыргызгаздын» башчысы Тургунбек Кулмурзаев өлкөнүн Өзбекстандын алдында карызы жоктугун, ал эмес 70 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат алдын ала төлөнгөндүгүн билдирген.

Өлкөнүн түштүгүнө газ берүү качан калыбына келтирилээри азырынча так белгисиз.