Кыргызстан Максим Бакиевдин иши боюнча «кош стандарттуулугу» үчүн Британияны айыптады

Кыргызстандын ТИМи Улуу Британияны мурдагы украин расмийлери тарабынан уурдалган акча-каражаттарды табууга көмөктөшө тургандыгын билдирип, бирок экс-президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди тоңдуруп, кайтарып берүү боюнча Кыргызстандын кайрылууларына жооп бербей жаткандыгы үчүн айыптады.  

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын британ бийлиги Украинага уурдалган мамлекеттик капиталдарын таап, кайтарып берүүгө көмөктөшө тургандыгы жөнүндө билдиргенден кийин жолдогон.

Кеп Британ антикоррупциялык агенттиги Украинадагы коррупциялык иштерге шектүү делинип жаткан адамдарга каршы кылмыш ишин ачып, жалпысынан алардын 23 миллион АКШ долларлык суммадагы автивдерин тоңдургандыгы тууралуу америкалык The Wall Street Journal гезити баш болгон бир катар чет элдик басма сөз каражаттарында басылып чыккан маалымат тууралуу болууда.

«Министрлик өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен автивдердин иштешин токтотуу жөнүндө жана К.Бакиевдин кылмыштуу режимине тиешелүү адамдарды жана кыргыз укук коргоо органдары тарабынан жоопко тартылган адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана кайтарып берүү боюнча Кыргыз Республикасынын системалуу түрдөгү кайрылууларына карабастан, Улуу Британия тарабынан өз убагында көңүл бурулбай келгендигине жана тиешелүү чечим кабыл алынбагандыгына терең өкүнүчүн билдирет», — деп жазылган дипломатиялык нотада.

Кыргызстандын ТИМи британ бийлигинин мындай аракеттерин «кош стандарттуу» саясат катары баалады, аны менен катар Улуу Британиянын Максим Бакиев менен анын айланасындагылар тарабынан уурдалган каражаттардын иштөөсүн токтотуу жана алардын эсептерин тоңдуруу боюнча активдүү аракеттерди көрөт деген ишенимин билдирген.

Мекеме билдиргендей, ТИМдин тиешелүү нотасы  министрдин орун басары Эрнис Оторбаев тарабынан Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнвортго 30-апрелде тапшырылган.

Түшүндүрмө алуу үчүн Kloop.kgнин кабарчылары Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги менен байланыша алышкан жок.

Расмий Лондон да азырынча нота боюнча расмий реакциясын билдире элек.

Бул Улуу Британиянын дарегина карата Максим Бакиевге байланышкан Кыргызстандын алгачкы кескин мүнөздөгү кайрылуусу эмес.

Өткөн жылдын июль айында президент Алмазбек Атамбаев британ бийлигин мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу — Максимди калкалап жатат деп айыптап, ага карата «кош стандартуулук» түшүнүгүн пайдаланган болчу.

«Улуу Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын уулдарын баш калкалаттыбы? Бул жерде Кыргызстанга карата эмнеге кош стандарттар? Британ бийлиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүүнү каалап жаткандыктарын айтышууда. Бирок бул жалган. Силер бизди тоноп кеткен адамды баш калкалаттыңар. Уурдалган ал каражатты биз таза шайлоо өткөрүү үчүн пайдалансак болмок», — деп жазган британиялк «Гардиан» гезити Атамбаевдин айткандарын.

Мурунку президенттин уулу

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу.

Атасы өлкө башчысы кезинде ал Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп турган.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүш болуп, Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогон. Анда ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталган.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал Улуу Британиянын «Фарнборо» аба майданына ижарага алган жеке учак менен келип конгондо британ чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк ал өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап кайрылган соң, мурунку президенттин уулуна ал өлкөнүн аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

2013-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президенттин уулуна карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.— сот аны «Түндүк электр» ишканасын сатуу менен мамлекетке 133 миллион долларлык мүлктүк зыян келтирген, ошондой эле «коррупцияга» жана «кылмышка катышууга» күнөөлүү деп тапкан.

Америка Максимди АКШнын мыйзамдары менен тыюу салынган инсайдерлик маалыматтардын негизинде каржы келишимдерди түзгөн деп айыптаган. Бирок ага карата АКШда козголгон иш 2013-жылдын май айында токтотулган.