Кыргызстан америкалык «Фридом Хаус» уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча жыл сайын чыгарып турчу рейтингинде 197 өлкөнүн ичинен 147-орунга ээ болду. Изилдөөчүлөр отчетунда «өзбек тилдүү ЖМКлардын куугунтукталып» жатканын жана журналисттерге кол салуу кылмыштарынын бети ачылбай жаткандыгы тууралуу билдиришкен.
Уюмдун 2012-жылдагы рейтингинде Кыргызстандын дароо 8 позицияга секирик жасап, 155чи орундан 147-орунга чейин көтөрүлгөндүгүнө карабастан америкалык изилдөөчүлөр өлкөнү «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына киргизишкен. Изилдөөнүн жүрүшүндө өлкө мүмкүн болгон 100 упайдын 66сына ээ болгон.
«Кыргыз медиачөйрөсүндө 2013-жылы бир катар алга жылуулар байкалды [...]. Бирок ар түрдүү маалымат булактарына, алардын ичинде өзбек тилдүү ЖМКларга болгон жеткиликтүүлүк маселеси оор бойдон калууда», — деп жазылган уюмдун Кыргызстан боюнча отчетунда.
Негизги көйгөйлөр катары «Фридом Хаус» сөз эркиндигин сактоодогу «ирээтсиздикти», белгилүү бир темаларды чагылдырууда бийлик тарабынан басылмаларга карата «басым жасоолорду» жана журналисттерге кол салууларды белгилеген.
«2011-жылы өзбек улутундагы белгилүү журналист, UzPress жаңылыктар веб-сайтынын редактору Шохрух Саиповго ырайымсыздык менен кол салуу кылмышынын, ошондой эле 2007-жылы анын журналист бир тууганы Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүнүн бети ачылбаган бойдон калууда», — деп жазылган отчетто.
Ошондой эле «Фридом Хаустун» изилдөөчүлөрү «Трибуна» гезитинин кеңсесинин тинтүүгө алынышын жана депутат Турсундай Бакир уулунун журналист Эрик Исраиловго «кол салуусун» белгилешкен.
Журналист Алмаз Исманов рейтингдин авторлорунун жыйынтыктары менен макул экенин айтат.
«Жыл өткөн сайын биздин чиновниктердин ЖМКларды көзөмөлгө алуу каалоолору күчөп бара жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
«Өткөн жылы бийлик өкүлдөрү тарабынан бизде сөз эркиндиги өтө көп экендиги жана аны көзөмөлгө алуу керектиги тууралуу өтө көп сөздөрдүн айтылгандыгын байкадым. Кээ бирде алар ЖМК тарабынан такталбаган маалыматтар чыгарылган конкреттүү бир учурлар жөнүндө айтып жатышат деп ойлойм. Бирок эмнегедир кайсыл бир учурларды алар бардык ЖМКларга тиешелүү кылып айта башташкан» — деди ал.
Бирок Кыргызстандын журналистика чөйрөсүндө «Фридом Хаус» рейтингди түзүүдө эмнелерди колдонмо катары пайдалана тургандыгын бардыгы эле түшүнө беришпейт.
«Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы ар кандай болуп турганда деле ал уюмдун жыйынтыктары дайыма бирдей боло берет. Ошондуктан мен ал уюмдун отчетуна көңүл бурбайм, өзүмдүн жеке пикиримди колдонмо катары пайдаланам», — деди Kloop.kgге берген маегинде «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова.
Маслова Курманбек Бакиев башкарып турган акыркы жылдарга караганда («Фридом Хаус» анда да өлкөнү «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына киргизген болчу)бүгүнкү күндө Кыргызстандагы маалымат каражаттары кыйла эле эркин деп эсептейт.
«Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу айтсак, мен мындай дейт элем: азыр Бакиев башкарып турган акыркы жылдарга караганда эркинирээк, бирок өлкөдө башаламандыктар орун алып, ар ким каалаганын кылып жаткан 2010-жылга салыштырмалуу анчалык деле эркин эмес», — деп эсептейт Маслова.
Аны менен катар ал Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өтүшү керек болгон 2015-жылга карата абал начарлап кетиши мүмкүн деп кооптонууда.
«Менде шайлоолорго карата Ак үй акырындап сөз эркиндигин колго ала баштайт деген кооптонуулар бар», — дейт Маслова.
Рейтингде Кыргызстан менен бирге 147-орунду Ооганстан, Камбоджа жана Марокко өлкөлөрү да ээлешкен.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдынкы орунда — Тажикстан 175чи, Казахстан — 187чи орундарга ээ болушкан, ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан Түндүк Кореядан гана оозуп, дээрлик рейтингдин эң төмөнкү жагында калышкан.
Францияда негизделген дагы бир эл аралык уюм — «Репортеры без границ» — өзүнүн 2013-жылдагы басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстанды «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына киргизген.
«Кыргызстан рейтингдеги туруксуз позициясына карабастан [...]бир кыйла айкындуулугу жана салыштырмалуу төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик электөөсү менен мүнөздөлөт», — деп жазылган «Репортерлордун» 2013-жыл үчүн берген отчетунда.
Кыргызстан «Фридом Хаустун» «Дүйнөдөгү эркиндик» деп аталган дагы бир рейтингинде «жарым-жартылай эркин» өлкө бойдон калууда.
Авторлор: Бектур Искендер жана Анна Лелик