Видео: Бишкектеги веложүрүш анын катышуучусунун көзү менен

Kloop.kgнин кабарчысы башына GoPro камерасын орнотуп алып Бишкектеги веложүрүшкө катышты.

Салтка айланып калган 1-майга карата уюштурулган веложүрүшкө Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов баш болгон 300гө чукул киши катышты.

Веложүрүштүн катышуучулары ВДНХдан баштап 10-кичи райондун жанындагы Жеңиш сейил багына чейин жүрүштү.

Жеңиш күнүнө арналган кийинки жүрүш 9-майга белгиленген, ал мындан узунураак маршрутта өтөт.

Автор: Виталий Белошапкин