Баткендеги Исфара-Ворух унаа жолу ачылды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары Исфара-Ворух унаа жолундагы кыймылды калыбына келтиришти. Жол жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан жаңжалдан улам 3-май күнү жабылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жергиликтүү тургундардын арасында «түшүндүрүү иштерин» жүргүзгөндөн кийин 5-май күнү Исфара-Ворух унаа жолундагы унаа кыймылы калыбына келтирилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кыргыз жарандарынын малдарын жайкы жайытка тоскоолдуксуз айдап өтүү коопсуздугун тажик тарап камсыздап бере тургандыгы макулдашылган.

Бардык тарабынан Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух анклавынын жанындагы жаңжал мал айдап өтүүгө байланышкан талаштардан улам келип чыккан.

3-май күнү, Тажикстандын 40ка жакын жараны Аксай кыргыз айлынын жашоочусунун малын айдап өтүүсүнө тоскоолдук кылып, өткөрбөй коюшкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын версиясы боюнча, андан соң Ходжа-Аъло тажик айылынын 150гө чукул жашоочусу Исфара-Ворух унаа жолун тосуп алышкан, өз кезегинде ал кыргыз айылынын жашоочулары менен оозеки урушуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин алып келген.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, эки тарапта тең жабыр тарткандар жок, кыргыз жана тажик тараптан бир-бирден унаа талкаланган», — деп жазылган пресс-релизде.

Бул унаа жол эки өлкөнүн тең жашоочулары  үчүн чоң мааниге ээ.

Ал Ворух тажик анклавынын жашоочуларын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырып турган жападан жалгыз жол. Ошондой эле Баткен облусунун батыш бөлүгүндөгү жашоочулар да Кыргызстандын башка аймактары менен дал ошол жол аркылуу гана байланышышат.

Кыргызстандын бийлиги аксылык малчылар чек араны бузбагандыктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатат.

«Мал Ворух анклавынын чегин бойлой Кыргызстандын аймагы аркылуу айдалган», — деп жазылган Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Азырынча бул боюнча тажик тараптын позициясы белгисиз.

Татаал чек аралар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келет.

Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң катуу кагылышуу 2014-жылдын январында орун алган. Анда эки өлкөнүн чек арачылары  Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун кайсыл аймактар аркылуу курулушу боюнча талашып-тартышуулардан улам бири-бирине ок атууга барышкан.

Жалпысынан ал кагылышуунун жыйынтыгында эки тараптан биригип 7 киши жаракат алган.

Автор: Амина Сулеева