Видео: Бишкектин түндүгүндөгү кырсыктан эки адам жаракат алды

Бишкектин түндүк бөлүгүндө эки унаанын бетме-бет сүлүшүүсүнөн кийин эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

«Хонда Фит» жана «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаалар 4-май күнү кечинде Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү Жибек-Жолу проспектиси менен Журнальный көчөсүнүн кесилишинде сүзүшкөн.

«Хонданын» айдоочусунун көкүрөк клеткалары жабыркап, аны тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен.

Ошондой эле «Субарунун» жүргүнчүсү да жеңил жаракаттарды алган.

Күбөлөрдүн биринин айтымында, кырсык болжолдуу түрдө «Субару» үлгүсүндөгү унаа жанындагы унаадан озуп кетүүгө аракет кылып каршы тилкеге чыгып кеткенден кийин болгон.

Бирок азырынча кырсыктын расмий версиясы айтыла элек.