«Дордойдун» профсоюздары Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин талап кылышууда

«Дордой» базарынын профсоюздарынын өкүлдөрү товарларын Казакстанга сатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна даттанышып, эгер Кыргызстандын жетекчилери өлкөнүн Бажы биримдигине кириши жөнүндө чечим кабыл албаса иш таштоого бара тургандыктарын билдирип жатышат.

«Дордой» базарынын 60 миңге жакын ишкери Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин базарда түзүлгөн оор абалдан жана кыргызстандык ишкерлер үчүн чек аралардын жабылышынан улам митингге чыгууга даяр.

«Эгер өкмөт эч кандай чара көрбөсө биз базарды үч күнгө жаап, иш таштоого барабыз», — деп билдирди «Дордой» соода-базар комплексинин ишкерлеринин профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, учурда Дордойдун 12 субъектиси тең өтө оор абалда.

«Базар иштебей эле. Казакстандын ишкерлери бизге келбей эле, экономикалык блокада жүрүп жаткансып чек аралар жабык. Ишкерлер азыр өтө оор абалда», — деди ал.

Профсоюздар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү процессин тездетүү өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышты.

«Бажы тоскоолдуктарын алып салуу үчүн тез аранын ичинде кириш керек. Анткени адамдар соода кыла албай калышты», — деп кошумчалады Дөөлөталиева.

Өлкөдө Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши керекпи деген маселенин айланасындагы талаш-тартыштар дээрлик үч жылдан бери уланып келет.

Бул демилгенин каршылаштары тескерисинче, өлкөнүн Бажы биримдигине кириши «Дордойду» кыйрата тургандыгын бир нече жолу билдиришкен.

Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп эсептелген «Дордой» негизинен Кытайдан келген товарларды Казакстан менен Орусияга кайрадан экспорттоонун эсебинен күн көрүп келет.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын Казакстан, Орусия жана Белоруссия менен экономикалык союзга биригиши жергиликтүү ишкерлерди өз өндүрүштөрүн жаңы рынокторго сатууга болгон кызыгууларын арттыраарына ишенишет.

«Дордойдун» профсоюз өкүлдөрүнүн бул билдирүүсү Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы 50гө чукул кишинин катышуусунда  Бишкектин борборунда өткөн акциянын эртеси орун алууда.