Гомосексуализмге каршы мыйзам долбоору парламентте кайрадан каттоодон өттү

Жогорку Кеңештин үч депутаты «салтуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган мыйзам долбоорун кайрадан алып чыгышты.

Буга окшогон мыйзам долбоору алгач апрелдин башында каттоодон өткөн, бирок кайра авторлору тарабынан чакырылып алынган болчу. Эми 6-майда парламенттин кароосуна кайрадан кайтарылды.

Мыйзам долбоорунун жаңы версиясына анчалык деле чоң өзгөртүүлөр киргизилген эмес — анда мурункусундай эле «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн айып төлөтүү жана эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун текстинин өзүндө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендиги тууралуу түшүндүрмө жазылган эмес.

Бирок салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата «жакшы пикир калыптандыруунун» эмне экендигин түшүндүргөн кошумча эскертме пайда болгон.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу деген — бул адамда салттуу эмес сексуалдык көрсөтмөлөрдү калыптандырууга, салттуу эмес сексуалдык мамилелердин жагымдуулугу, салттуу жана салттуу эмес сексуалдык мамилелердин социалдык жактан тең баалуулукта экендиги тууралуу жаңылыш ой жаратууга же салттуу эмес сексуалдык мамилелерге кызыгууну жарата турган маалыматтарды таңуулоого багытталган билдирүүлөрдү жайылтуу дегенди түшүндүрөт», — деп жазылган анда.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү укук коргоо коомчулугу тарабынан сын-пикирлердин жаралышына алып келди — бүгүнкү күнгө карата мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы петицияга 600 миңден ашык киши кол коюшкан, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жашоочулары.

Идеянын каршылаштарынын пикирлеринде, мыйзам долбоору Конституция баш болгон өлкөнүн негизги мыйзамдарын бузат.

«Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, эл аралык укуктун принциптери менен нормаларына, ошондой эле мындай юридикалык тексттер үчүн көрсөтүлгөн талаптарга туура келбейт» — деп жазылган петицияда.

«Гомосексуализмге жол бербөө»

Алгач мыйзам долбоорунун авторлору КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров менен «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевдар болушкан. 6-майда аларга «Ата-Журттун» депутаты Улугбек Кочкоров кошулгандыгы белгилүү болду.

Алар өз идеяларын «кыргыз элинин салттуу баалуулуктарын коргоо жана сактоо» менен түшүндүрүп жатышат.

Авторлор «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата түшүндүрмө берген жалгыз документ — мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкат гана болууда.

«Бул мыйзам долбоору гомосексуалдык мамилелердин популярдуулугунун артышына жана «гомосексуалдык жашоо мүнөзүн» коомчулук арасында пропагандалоого жол берилбей тургандыгын  мыйзамдуу түрдө аныктайт», — деп жазылган ал документте сөзмө сөз.

Мыйзам долбоорунун авторлору алардын бул идеясы Кыргызстандын жашоочуларынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ экендигин айтып, ишендирүүгө аракет кылышууда, анткен менен алардын мындай маалыматтарды кайдан алгандыктары так көрсөтүлбөй эле.

Чакырып алуу чакырыктары

Буга чейин депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоорунун бойго жеткен гейлер менен лесбияндардын жашоосуна тиешеси болбой тургандыгын, ал балдарды «коргоого» гана багытталгандыгын билдирген.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде андай тактоолор жазылган эмес.

«Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюму бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атаган.

«Гомосексуалдарды жек көргөн бул мыйзам долбоорунун демилгечилери тез аранын ичинде аны кайрадан чакырып алуулары керек. А башкаруучу жана саясий партиялар Кыргызстанда андай мыйзамдарда орун жок экенин ачык көрсөтүп, ага каршы болуулары керек», — деп билдирген буга чейин уюм.

Гомосексуализм Кыргызстанда 1990-жылдардын аягынан тарта кылмыш катары эсептелбейт.

Саясатчылар менен коомчулуктун арасында мезгил-мезгили менен гомофобиялык билдирүүлөрдүн айтылып келгени менен Кыргызстан Борбордук Азияда гейлер жана лесбияндардын укуктарын коргоо уюмдары менен эң ачык иш алып барган өлкө катары белгилүү.