Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунун жашоочулары өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Раззаковдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Өткөн түнү аймакта Кыргызстан менен коңшу Тажикстандын жашоочуларынын ортосунда кагылышуу болгон.
8-май күнү Баткен облустук администрациясынын имаратынын алдына 500гө чукул адам чогулуп, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматтан кетишин талап кылышты.
Митингдин катышуучулары Баткен шаарына өткөн түнү кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда кагылышуу болгон Жака-Өрүк аймагынан келишкен. Ал кагылышуунун жүрүшүндө 9дан 30га чейинки адам жаракат алган.
«Абал декабрь айынан бери курч бойдон калууда. Жашоочулар бийликтегилердин чек арадагы кагылышууга үч сааттан кийин гана көңүл буруп баштагандыктарына нааразы болуп жатышат», — деди Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү тургун Жеңиш Айдаров.
Митингке катышкан баткендик активист Дильшат Мавляновдун айтымында, нааразы болгондор чек ара маселесинин чечилишин, өрттөлгөн мүлктөрдүн төлөнүп берилишин жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Парламенттин жабык эшик артында өткөн жыйынынан кийин, 8-май күнү кечке жакын Баткенге коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоровдор барышты. Алар митингдин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин чек арага жакын райондорду көздөй багыт алышты.
«Азыркы тапта чек арага жакын айылдарда эркектер гана бар, аялдар менен балдардын баардыгы тең шаарга же коопсузураак жерлерге кетишти», — деди Kloop.kgге берген маегинде Дильшат Мавлянов.
Кыргызстан менен Тажикстандын милицияларынын ортосунда келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анын жүрүшүндө мүлктөрү өрттөлгөн жашоочуларга канча чыгым келтирилгендиги эсептелип чыгат.
Чек арадагы жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал 7-май күнү кечинде болгон. Болжолдуу версиялар боюнча, анын чыгышына жергиликтүү тургундардын ортосунда жайыттарга байланышкан талаш-тартыштардын пайда болушу себеп болгон.
Жалпысынан эки тараптан биригип 3 миңге жакын киши катышкан кагылышуунун жүрүшүндө 9дан 30га чейинки адам жаракат алышкан, учурда алардын экөөсүнүн абалы оор.
Ошондой эле Кыргызстандын аймагында май куюуучу жай менен эки жүк унаасы өрттөлгөн.
Эки өлкөнүн чек арачылары биргеликте элди 8-май күнү эртең менен гана тынчтандыра алышкан, бирок учурда андагы абал курч бойдон калууда — азыркыга чейин унаа жолдорунун тосулгандыгы тууралуу билдирүүлөр келүүдө.
Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар көбүрөөк болууда. Алардын келип чыгышына биринчи кезекте өлкөлөр ортосундагы чек ара кайсыл жер аркылуу өтүшү керек деген маселенин айланасындагы талаш-тартыштар себеп болууда — Тажикстан 1920-жылдардагы картага шилтеме жасап жатат, Кыргызстан болсо карталардын андан мурунку версияларына таянууда.
Өлкөлөр 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон азыркыга чейин чек араларынын көпчүлүк бөлүктөрүн делимитация жана демаркация кылыша элек.
Абалды Кыргызстандын аймагында Тажикстан менен Өзбекстандын анклавдары жайгашкандыгы да оорлотууда.
Автор: Толгонай Умуралиева