Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: жаракат алгандар бар

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы кагылышуудан 9дан 30га чейинки адам жаракат алышты. Кыргызстандын бийлиги 8-май күнү эртең мененкиге карата абал «салыштырмалуу тынч» экенин билдирүүдө.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылйык, жабыркагандардын экөөсүнө ок тийип жарадар болушкан.

Азырынча канча киши жаракат алгандыгы тууралуу так маалыматтар жок.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 9 киши жаракат алганын, жергиликтүү милиция — 20, ал эми «Азаттык» радиосу 30 иши жабырланганын кабарлоодо.

Чек арачылардын маалыматтары боюнча, жаракат алгандардын экөөсү учурда оор абалда.

Ошондой эле жаңжалдын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы Көк-Терек айылында май куюуучу жай жана бир нече унаа өрттөлгөн.

Бир нече версия

Кыргызстандын Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарында орун алган каршылашуулардын келип чыгуусунун бир нече версиясы айтылууда.

Кыргызстандын расмий позициясына ылайык, жаңжал чек ара аймагы аркылуу өтүп бара жаткан Кыргызстан тараптын унаасына карата таш ыргыткан «Тажикстандын жарандарынын бейбаштык кылыктарынан» улам келип чыккан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы жазган башка бир версия боюнча, чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал жайыттардан улам чыккан.

7-май күнү кечинде, чек арадагы абал өтө курчуп тургун маалда жаңжалга эки тараптан 1500гө чукул киши катышкан.

Кыргызстандын чек ара кызматынын версиясына ылайык, тажик айылдарынын жашоочулары алардын аймагы аркылуу өткөн Баткен-Исфана унаа жолун тосууга аракет кылышкан.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-релизинде жазылгандай, Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жолду ачууга аракет кылышып, эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарууга да барышкан, бирок бул аракеттер эч кандай жыйынтык берген эмес.

Жаңжалды 8-май күнү эртең менен гана токтотуп, Баткен-Исфана жолун ачууга мүмкүн болгон.

Кыргызстандын чек арачылары тажикстандык кесиптештери менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыктарын билдиришүүдө.

«Учурда тараптардын укук коргоо органдары тарабынан окуянын кайталанышына жол бербөө максатында эскертүү мүнөзүндөгү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Татаал чек аралар

Бул акыркы апта ичинде кыргыз-тажик чек арасында орун алган экинчи жаңжал — 3-5-май күндөрү чек арага жакын айылдардын жашоочуларынын ортосунда мал айдап өтүүгө байланышкан чыр чыгып, ал кагылышуулар жана Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырып турган жалгыз унаа жолдун жабылышына алып келген.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келет.

Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң катуу кагылышуу 2014-жылдын январында болгон. Анда эки өлкөнүн чек арачылары  Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун кайсыл аймактарда курулушу керектиги боюнча талашып-тартышуулардан улам бири-бирине ок атууга барышкан.

Жалпысынан ал кагылышуунун жыйынтыгында эки тараптан биригип 7 киши жаракат алган.