Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын расмий майрамдоо салттуу түрдө Бишкектеги Жеңиш аянтында өтөт. Kloop.kgнин кабарчысы ага карата көрүлүп жаткан даярдыктарга күбө болуп кайтты.
Жеңиш күнүн майрамдоого карата даярдыктар майдын башынан тарта күн сайын эртеден кечке чейин жүрүүдө.«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери СССРдин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 40 жылдыгына карата 1984-жылы тургузулган эстеликти баш кылып аянтты толугу менен тазалап жатышат.Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары, Кыргыз Улуттук аскердик лицейинин тарбиялануучулары жана Куралдуу күчтөрдүн Бишкек гарнизонунун жеке курамы катышат.Аларга ИИМ академиясынын курсанттары менен ӨКМдин кызматкерлери кошулушат.Алардын баары тең 9-май күнү согуштун ардагерлери, расмий адамдардан турган көптөгөн көрүүчүлөрдүн алдынан салтанаттуу марш менен басып өтүшөт.Иш-чаранын расмий бөлүгүнүн эки саатка созулушу күтүлүүдө. Андан сырткары анда аскер техникаларынын көргөзмөсү болот.Даярдык көрүлүп жаткан күндөрдүн кайсыл биринде аскердик оркестрдин музыканттарына каалаган кийимдерин кийип келүүгө болот.Бирок 9-май жакындаган сайын иш-чаранын катышуучулары кийимдерине ошончолук кылдаттык менен көңүл буруп башташат.Тыныгуу.Аскерлердин бардыгы эле маалымат каражаттарына жакшы мамиле кыла беришпейт.Бирок көпчүлүгү чын дилдеринен сүрөткө түшүп берүүгө даяр.Кыргызстанда Жеңиш күнү кеңири масштабда жана расмий деңгээлде белгиленет. Бул күндүн майрамдалышы масштабдуулугу жагынан Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнүн майрамдалышынан гана кем калышы мүмкүн.