Жеңиш күнүн майрамдоого карата Бишкектеги даярдыктар

Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын расмий майрамдоо салттуу түрдө Бишкектеги Жеңиш аянтында өтөт. Kloop.kgнин кабарчысы ага карата көрүлүп жаткан даярдыктарга күбө болуп кайтты.

Жеңиш күнүн майрамдоого карата даярдыктар майдын башынан тарта күн сайын эртеден кечке чейин жүрүүдө.victory-day-rehearsal_0187victory-day-rehearsal_0201«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери СССРдин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 40 жылдыгына карата 1984-жылы тургузулган эстеликти баш кылып аянтты толугу менен тазалап жатышат.victory-day-rehearsal_0192Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары, Кыргыз Улуттук аскердик лицейинин тарбиялануучулары жана Куралдуу күчтөрдүн Бишкек гарнизонунун жеке курамы катышат.victory-day-rehearsal_0193victory-day-rehearsal_0191Аларга ИИМ академиясынын курсанттары менен ӨКМдин кызматкерлери кошулушат.victory-day-rehearsal_0189Алардын баары тең 9-май күнү согуштун ардагерлери, расмий адамдардан турган көптөгөн көрүүчүлөрдүн алдынан салтанаттуу марш менен басып өтүшөт.victory-day-rehearsal_0188victory-day-rehearsal_0200Иш-чаранын расмий бөлүгүнүн эки саатка созулушу күтүлүүдө. Андан сырткары анда аскер техникаларынын көргөзмөсү болот.victory-day-rehearsal_0194Даярдык көрүлүп жаткан күндөрдүн кайсыл биринде аскердик оркестрдин музыканттарына каалаган кийимдерин кийип келүүгө болот.victory-day-rehearsal_0186victory-day-rehearsal_0184Бирок 9-май жакындаган сайын иш-чаранын катышуучулары кийимдерине ошончолук кылдаттык менен көңүл буруп башташат.victory-day-rehearsal_0202victory-day-rehearsal_0197victory-day-rehearsal_0199Тыныгуу.victory-day-rehearsal_0196Аскерлердин бардыгы эле маалымат каражаттарына жакшы мамиле кыла беришпейт.victory-day-rehearsal_0195Бирок көпчүлүгү чын дилдеринен сүрөткө түшүп берүүгө даяр.victory-day-rehearsal_0198Кыргызстанда Жеңиш күнү кеңири масштабда жана расмий деңгээлде белгиленет. Бул күндүн майрамдалышы масштабдуулугу жагынан Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнүн майрамдалышынан гана кем калышы мүмкүн.victory-day-rehearsal_0190