Баңгизатын көзөмөлдөө кызматы кылмыш ишин «атайылап уюштурган» деп айыпталып жатат

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери №6 бейтапкананын жумушчусуна каршы «кылмыш ишин атайылап уюштурушуп», «кыйноого алуу жолу менен көрсөтмө алышкан» — бул тууралуу айыпталуучунун өлкөнүн бийлигиндегилерге жолдогон даттануу арызында жазылган.

Kloop.kgнин редакциясына «өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатын сатууга» айыпталып, Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан №6 бейтапкананын жумушчусу Сергей Егоровдун даттануу арызынын көчүрмөсү келип түштү.

Егоровдун президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине жолдонгон арызына ылайык, ага каршы козголгон кылмыш иши Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан атайылап уюштурулуп жасалган.

Айыпталуучунун арызында жазылгандай, ал Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын ыкчам тобу тарабынан 1-апрель күнү, качан ийнелерди алмаштыруу жайында иштеген кесиптеши Марина Богатыревадан 3500 сом аласасын алуу үчүн барган кезде кармалган.

«Бизди КРнын Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын имаратына алып келишип, биринчи кабаттагы иш бөлмөлөрдүн биринде Арсен деген бала башында турган кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жумушчулары сабап башташты. Болгондо да алар ооруп жаткан боорума, кулактарга алакан менен урушту, анын айынан сол кулагым укпай калды, бөйрөктөргө, башка, кабыргаларга да урушту», — деп жазган Егоров арызында.

Андан сырткары ал ыкчам топтун кызматкерин жубайын сабап, аны зордуктай тургандыктарын айтып коркуткан деп айыптап жатат.

«Алар бөлмөгө жубайым Натальяны алып киришип, анан түндүн узун экендигин  айтышып, дароо эле кайра алып чыгып кетишти (мен аны зордукташат деп түшүндүм)», — деп ишендирүүгө аракет кылган айыпталуучу.

Егоровдун  арызында белгиленгендей, «кыйноолордон» улам жана жубайын бошотуу үчүн ал «Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан алынып келинген» маңзатын сатуу боюнча күнөөнү мойнуна алууга макул болгон.

Егоров менен аны жубайы аларда эч кандай маңзатынын болбогондугун айтып, далидөөгө аракет кылып жатышат.

Карама-каршы келген экспертизалар

Егоровдун айтымында, анын иши боюнча жүргүзүлгөн экспертизалар бири-бирине карама-каршы келет.

«Тергөөчү Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын Эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн адистеринин биринин чыгарган жыйынтыгына шилтеме жасап жатат. Ал корутундусунда Егоров тарабынан «өз эрки менен» берилген маңзатын — каннабистин чайыры деп аныктап чыккан», — деп жазылган арызда.

Айыпталуучунун жактоочусу Айнура Исакеева Kloop.kgге ал жактоого алган адамдын сол капталындагы онунчу кабыргасынын сынгандыгын жана сол кулагынын травмалык жарылгандыгын аныктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын көрсөттү.

Исакеева денеде тактардын жоктугунан улам эксперттер ал жаракаттардын качан жасалгандыгын аныктай албагандыктарын кошумчалады.

Юрист ошондой эле редакцияга кармалган адамдын колу менен бетинен баңгизатынын тактарын тапкан экспертизанын жыйынтыктарын көрсөттү.

Баңгизаттык көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Егоровдун иши менен алектенип жаткан тергөөчүсү Рустам Жунусов бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Азыр бизде тергөө жүрүп жатат, бизде тергөөнүн сыры деген бар, ошондуктан мен азырынча сиздин суроолоруңузга жооп бере албайм. [...] Анын жүйөдалилдери, көрсөтмөлөрүнүн бардыгы текшерилип жатат. Эгер силерге ошончолук эле кызык болсо тергөө аяктагандан кийин айтабыз. Учурда бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө, Егоровдун өзүнөн сурасаңыздар болот», — деди Жунусов.

Kloop.kgнин кабарчысы кыйноого алып сабаган деп Егоров тарабынан айыпталып жаткан ыкчам топтун кызматкери Арсен менен байланыша алган жок.

Автор: Зарема Султанбекова