Кыргызстан Донбасс жана Луганск облустарындагы референдум боюнча комментарий бербей эле

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча Украинанын түштүк-чыгышындагы референдум боюнча комментарий берүүгө даяр эмес. Референдумдун жыйынтыгы боюнча, Донбасс  жана Луганск облустары өздөрүн «өз алдынча республика» деп жарыялашкан.

Кыргызстандын ТИМинин өкүлү Kloop.kgнин журналистине азырынча мекеме Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы «федерализациянын тарапташтары» өткөргөн референдум боюнча комментарий бербестигин билдирди.

«Сиз туура дарек боюнча кайрылдыңыз, бирок биз ал кырдаал боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз», — деди министрликтин өкүлү.

Өз алдынча «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп жарыяланган аймактардын өкмөттөрү 11-майда өткөргөн референдумдан кийин өздөрүнүн эгемендүүлүктөрүн жарыялашты.

Андагы добуш берүүнү украин жана батыш өлкөлөрүнүн бийликтери таанышкан жок.

Өз алдынча жарыяланган республикалар башкы өнөктөш катары эсептеп жаткан Орусия Украинанын чыгышындагы жашоочулардын тандоосун «сыйлай тургандыгын» билдирди. Бирок азырынча андагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын расмий түрдө таанууга шашылбай эле.

Референдум Украинанын чыгышындагы куралдуу каршылууларга алып келген өлкөдө орун алган каатчылыктын фонунда өттү.

Донецк облусунун бир нече шаарында эки айдан бери орусчул «сепаратисттер» менен украин аскерлеринин ортосунда кагылышуулар уланып келет. Анын жүрүшүндө жалпысынан ондогон адамдар курман болушту.

Өздөрүн «федерализациянын тарапташтары» деп атап жатышкан орусчул күчтөр Украинанын курамынан чыгуу каалоолору тууралуу марттын башында, Крым жарым аралынын Орусияга кошулуу процесси башталган маалда  эле билдиришкен.

Кыргызстандын жеке позициясы

Орусия менен Украинанын ортосундагы аймактык талаш-тартыштар Украинанын орусчул президенти Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин дароо эле — февралдын соңунда башталган.

Орусия Крымга ээ болууга өзүнүн тарыхый укугу бар деп эсептейт, ал эми Украина менен Батыш өлкөлөрү анын бул аракеттерин «аннексия» (басып алуу) деп атап жатышат.

Янукович Украинанын Европа менен алакалашуусун талап кылган үч айга созулган нааразычылык акцияларынан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Кыргызстандын бийлиги жалпысынан Орусия менен жылуу мамиледе болгонуна карабастан, буга чейин Кремлдин расмий көз карашына каршы келген бир нече билдирүүлөрдү жасаган.

Алсак, расмий Бишкек Крымдын Украинанын курамынан чыгып, Орусияга кошулушун «объективдүү чындык» деп атаганы менен жарым аралдын орустарга өтүшүн расмий түрдө тааныган эмес.

Андан сырткары Москвадан айырмаланып Бишкектеги бийлик март айында эле Янукович Украинанын легитимдүү президенти эмес экенин жана өлкөдөгү бийлик «элге таандык» экендигин билдирген.

Аны менен катар эле Кыргызстан Улуу Британияны кош стандартуу мамилеси үчүн айыптаган.

Британия мурунку украин чиновниктерине карата санкциялардын киргизип, бирок Кыргызстандын учурда уулу Лондондо жашап жаткан мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө карата ошондой эле санкцияларды киргизүү талабын көңүл сыртында калтырып койгон.

Авторлор: Бектур Искендер жана Майрам Абакирова