Жыл башынан бери Бишкекте менингит оорусунан төрт киши каза болгон

Жыл башынан бери Бишкекте менингит оорусунан төрт киши каза болгон, алардын үчөөсү жаш балдар. Жалпысынан 2014-жылы ооруга чалдыккан 33 учур катталган — бул көрсөткүч 2013-жылдагы дартка кабылгандардын жалпы санынан кыйлага эле көп.

Менингиттен каза болгондордун санын Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык сантардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев ырастады.

Анын маалыматтары боюнча, жыл башынан бери Бишкекте менингиттен улам үч жаш бала жана бир чоң киши каза болгон.

Санэпидемстанциянын божомолдоолоруна ылайык, жакынкы жылдары менингит менен ооруп калуу коркунучу өсүүнүн гана үстүндө болот.

«Тилекке каршы быйыл менингоккок инфекциясынын өсүүсү байкалууда. Ага күз-кыш-жаз мезгилдери мүнөздүү. Бишкекте бул оорунун ар бир 10-11 жылда бир жолу күчөшү белгиленет. Эми анын 2016-жылга карата күчөшүн күтүп жатабыз», — деди Өмүралиев.

Анын айтымында, оорунун Бишкектеги күчөшүнүн алгачкы жогорку баскычы 1996-жылга туура келген, анда 278 адамдын ооруга чалдыккандыгы катталган, ал эми экинчи учуру — 2006-жылы орун алып, ооруга чалдыккан 267 адам катталган. Бул жылдардын аралыгында ооруга чалдыккандардын саны 20дан 70 адамга чейин жетип турган.

Дарыгерлер оорунун күчөшүнүн кийинки жогорку баскычына жетүүсүн эки жылдан кийин күтүп жатышат.

Азыр болсо дарыгерлер ата-энелерди балдарынын ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурууларын өтүнүп жатышат. Анткени менингит менен ооруп калуу коркунучу баарынан да жаш балдарда жогору болуп эсептелет.

«Бул оорудан көбүнчө балдар каза болушат. Бул жерде эң башкысы — дарттын эрте аныкталышы жана ата-энелердин балдарына көз салуусу өтө маанилүү.  Алгачкы белгилери төмөнкүлөр: дененин температурасы 40 градуска жетиши мүмкүн, баш ооруп, адамдын кускусу келет, эң башкысы — жамбаш менен буттарда кызамыктын пайда болушу», — деп эскертет дарыгер.

Ооруунун аягы өтө коркунучтуу бүтүшү мүмкүн — менингококк канга кошулгандан кийин ички органдарды (нерв системасын, бөйрөктөрдү, боорду, жүрөктү) бузуп, адамды өлүмгө алып келчү токсиндерди бөлүп чыгара баштайт.

Автор: Нуржамал Жаныбекова