Караколдун кичи райондору ысык суу менен камсыз кылуу кызматынан баш тартышты

«Жылуулук» ишканасы Караколдун үч кичи районуна тең ысык суу берүүнү токтотот. Анын жашоочулары он жылдан бери суу менен үйдү электр жылыткычтарынын жардамы менен жылытып келе жаткандыктарын айтышууда.

Жылуулук берүү мезгилинин башталышына жакын шаардын «Кашка-Суу», «Восход» жана «Геология» кичи райондоруна, ошондой эле №2028 аскердик бөлүгүнө ысык суу берүү токтотулат.

Күн мурун «Жылуулук» ишканасынын директору Эмил Ногойбаев «Вечерний Бишкек» басылмасына шаардыктардын 70 пайызга чукулу батареялары «тиешелүү деңгээлде ысык» болбогондуктан улам жылуулук берүү кызматынан баш тарткандыктарын билдирген.

«Бизге жыл сайын начар жылуулук берилип жаткандыгы боюнча даттануулар келип түшүүдө. Ага себеп — үйлөрдүн ичиндеги жылуулук берүү системаларынын бузулуусу жана ысык суу берүүдө көптөгөн жылуулук жоготуулар», — деп билдирген Ногойбаев.

Ошентип , ишкана ысык суу берүүнү токтотуу менен жылуулук жоготууларына байланышкан көйгөйлөрдөн арылып, келерки жылы шаардын башка бөлүктөрүнө жылуулук берүүнү жакшыртууга үмүттөнүп жатат.

«Араң эле жылуу суу»

«Восход» кичи районунун жашоочусу Kloop.kgге берген маегинде шаарда он жылдан бери суу көйгөйү бар экенин айтат.

«Биз үчүн «ысык суу» деген сөз айкашы өтө эле күлкүлүү угулат. Анткени суу ысык эмес, араң эле жылуу», — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Шаар тургуну ысык суу жана жылуулук берүү үчүн акча төлөгөнү менен баары бир үйдө электр жылыткычтарын иштетүүгө туура келээрин кошумчалады. Анын айтымында, жылуулук берүү да «өтө начар» жана шаардыктар ага нааразы.

«Кайда гана даттанбадык, эч кандай жыйынтык жок. Качан шаардыктардыкы ысык суу деп айтышканда биз: деги «ысык суу» деген кандай болот? деп суроо салып калабыз. Эң жылуу суу ноябрдан тарта марттын ортосуна чейин болот», — деп улантты кичи райондун тургуну.

Борбордук ысык суу менен камсыз кылуу кызматынан баш тарткан «Кашка-Суу» кичи районунун жашоочусу Асек Абдыкеримов да акыркы эки жылдан бери чоргодон ысык эмес, «араң жылуу» суу агып келгенин ырастады. Көптөгөн даттануулардан кийин анын үйү акыры борбордук жылуулук берүү кызматынан баш тарткан.

«Азыр биздики электр аркылуу жылытылат», — деп түшүндүрдү Асек.

«Геология» кичи районунун жашоочусу Какен Kloop.kgнин кабарчысына суунун дайыма эле боло бербегендигин айтты.

«Ысык суу ноябрдан мартка чейин гана келип жаткан, ал дагы дайыма эмес. Жылуулук берүү өтө начар», — деди ал.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган караколдуктар ысык суунун өчүрүлүүсүнөн олуттуу деле эч кандай көйгөйдү көрбөй тургандыктарын айтышты. Алар көптөн бери эле борбордук суу жана жылуулук менен камсыз кылуу кызматын пайдаланбастан, электр суу жылыткычтарын пайдаланып келишет.

Автор: Айшоола Айсаева