Кыргыз-Орус Славян университети абитуриенттерди коррупциялык жол менен кабыл алган деп айыпталууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргыз-Орус Славян университетине 24 абитуриентти кабыл алуудагы «кыянаттык кылуу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.  Жогорку окуу жай атайын кызматтагылардын бул айыптоолору боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, жогорку окуу жайындагы «мыйзам бузуулар» билим берүү мекемелеринде коррупциялык схемалардын бар-жоктугу аныктоо боюнча өткөрүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.

«2013-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жарандардын айрым категориялары үчүн бөлүнгөн квотага ылайык, 24 абитуриентти окуу жайга кабыл алуу мүмкүндүгү боюнча чечим чыгарышкан. Аны менен катар абитуриенттердин социалдык абалдары жана жалпы республикалык тестирлөөдө алган жалпы упайлары боюнча белгиленген тартипте текшерүү иштери жүргүзүлгөн эмес», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Kloop.kgнин кабарчылары УКМК абитуриенттердин кайсыл категориясы жөнүндө айтып жаткандыгын тактоого аракет кылышты, бирок мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү тергөөнүн сырына таянуу менен алар тууралуу кенен айтып берүүдөн баш тартты.

Университеттин кабыл алуу комиссиясы азырынча атайын кызматтагылардын текшерүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат.

«Азырынча түшүндүрмө бербейбиз. УКМК кечирим сурагандан кийин түшүндүрмө беребиз», – деди Kloop.kgнин кабарчысына кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Салават Усманов.

Жалпы республикалык тестти тапшырышкан эмес

Ошондой эле Корррупцияга каршы күрөшүү кызматы жогоруда айтылган 24 абитуриенттин бир нечеси чет өлкөнүн жарандары экенин жана алар университетке тапшыруу маалында Кыргызстандын сыртында болушуп, учурда республиканын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болуп эсептелген жалпы республикалык тестти тапшырбагандыктарын белгилөөдө.

2011-жылы Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кыргыз университеттерине тапшыруудагы кабыл алына турган сынактарды жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына алмаштыруу жөнүндө буйрук чыгарган.

Анда мекеме жогорку окуу жайларына кабыл алуу сынактарын чет өлкөнүн жарандары жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө тапшыргысы келген абитуриенттер гана тапшыра тургандыктарын билдирген болчу.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Амантур Акматов Kloop.kgге берген маегинде Кыргыз-Орус Славян университети сыяктуу эл аралык университеттер Жалпы республикалык тестирлөөдөн сырткары өзүлөрүнүн тесттерин өткөрө ала тургандыктарын айтты.

Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Майрам Абакирова