Камчы Көлбаев эки айдан кийин эркиндикке чыгат

Кыргызстандын Жогорку соту криминал төбөлү Камчы Көлбаевди үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды. Көлбаев мөөнөтүнүн көбүн тергөө абагында өткөргөндүктөн ушул жылдын июлунда эркиндикке чыгат.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку сот Көлбаевди үч жылга эркинен ажыратуу тууралуу Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 24-декабрында чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Көлбаевдин 2012-жылдын декабрынан тарта 17 ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта жатканын эске алуу менен анын камактагы ар бир күнү эки күн деп эсептелди. Бул деген криминал төбөлү эки айдан кийин, үстүбүздөгү жылдын июлунда эркиндикке чыгат дегенди билдирет.

Камчы Көлбаев Бишкек шаардык соту тарабынан Кылмыш кодексинин 170чи — (бирөөнү опузалап мүлкүн тартып алуу) беренеси боюнча гана күнөөлүү деп табылып, дагы алты берене боюнча акталган болчу. Алар:

  • 30-берене — кылмышка катышуу;
  • 125-берене — мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • 105-берене — адам саламаттыгына зыян келтирүү;
  • 123-берене — адам уурдоо;
  • 241-берене — ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, башка бирөөнө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же жанында алып жүрүү;
  • 247-берене — баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, ташуу, сатуу үчүн жөнөтүү, ошондой эле баңги, акыл-эстен тандырчу заттарды, же башка маңзаттарын даярдоо же сатуу;

Криминал төбөлү

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев 2012-жылдын декабрында кыргыз бийлигине Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирдүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул анын үстүнөн өз өлкөсүндө өткөн алгачкы сот процесси эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып турган, бирок аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөсүн токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок көп өтпөй Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстандын бийлиги 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып да турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.