Борбордогу эмен сейил багында жыл сайын уюштурулчу көчө маданиятынын фестивалы болуп өттү. Анда катышуучулар брейкданс жана граффити боюнча жарышка түшүштү.
15-майда өткөн көчө маданиятынын фестивалында жаш бишкектиктер бий өнөрү, граффити жана велосипеддерде татаал акробаттык номурларды көрсөтүү боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.Бий мелдештерине Бишкекке күн мурун келген америкалык Rennie Harris Puremovement тобунун брейкдансерлери калыстык кылышты.Граффитчилердин эмгектерин АКШдан келген сүрөтчү Габриэль Спенсер баалады.Автор: Виталий Белошапкин